Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы ПЖ № 109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 8-апрели ПЖ № 109 Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө
Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууга жана жалпысынан жер участокторун бөлүп берүүгө байланышкан кырдаалды тартипке келтирүү жана укуктук жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды кабыл алды. Бирок мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан ишке карабатан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун көчөлөрдүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда, уюмдар, мекемелер жана ишканалар жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууда. Ошол эле учурда айыл чарба багытындагы жерлерге курулуш жүргүзүүнү болтурбоо маселелери өкмөттүк эмес уюмдар, жерлердин менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан бир нече жолу көтөрүлдү, себеби мындай мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Негизсиз, өзү билип тосуп алуу аркылуу өзүнүн участогунун жерге укукту ырастоочу документтерде белгиленген мыйзамдуу чегин кеңейтүүгө умтулган менчик ээсинин же ижарачынын аракеттери, жалпы пайдалануудагы жерлерде же жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык болгон жер участокторунда мыйзамсыз автопарковкаларды (автомобиль токтоочу жайларды) кылуу, гараждарды, күркөлөрдү, дүкөнчөлөрдү (стационардык эмес обьекттерди) жайгаштыруу, тосмолорду коюу жана башкалар жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кеңири жайылган учурлары болуп эсептелет. Республиканын аймагында жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууну алдын алуу жана болтурбоо, мыйзамдуулукту жана укуктартибин сактоо, жерди табигый объект, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин, өнүгүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн негиздери катары коргоо, ошондой эле жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 66, 71 -беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары укук коргоо органдары жана жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте:
- жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбестиги жөнүндө жана мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүнде жарандардын арасындатүшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүп турсун;
- жер участокторун, чектеринин жайгашуусу жөнүндө маалыматтары кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрына киргизилбеген капиталдык курулуш объекттеринин, курулмаларынын участокторун ээлеп алууну болтурбоо максатында жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштерди жүргүзсүн;
- айыл чарба өндүрүшү үчүн жерди пайдалануучуларга бөлүнүп берилүүчү жер участокторунун, ошондой эле менчик ээлери тарабынан айыл чарба багытындагы жерлердин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактыларын табуу жана болтурбоо, укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча толук чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтсүн;
- мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын ыкчам карасын жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык ишти активдештирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги болүнүп берилген же бекитилип берилген жер участогун жарандар же юридикалык жактар өзүм билемдик менен кеңейтип алгам фактыларды Кыргыз Республикасыным Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыкчам карасын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин 2024-жылдын 10-майы № 9 Мыйзамсыз курулуштар ПЖ №109 боюнча иш алып баруу үчүн жер комиссиясын түзүү жѳнүндѳ токтомуПостановление · 10.05.2024 · № 9
- Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-мартындагы "Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө" № 11/4 токтомуПостановление · 12.03.2024 · № 11/4
- Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-мартындагы "Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө" № 11/5 токтомуПостановление · 12.03.2024 · № 11/5
- Тоголк-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-мартындагы "Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө" № 11/6 ТоктомуПостановление · 12.03.2024 · № 11/6
- Саз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгы боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2023 · № 10
- Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылынын 5-февралындагы2025-жылынын 5-февралындагы «Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 3/3
- Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабры № 10 Мыйзамсыз курулуштар ПЖ №109 боюнча иш алып баруу үчүн жер комиссиясын түзүү жѳнүндѳ токтомуПостановление · 02.12.2024 · № 10
- Кулунду айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы №57 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №56 жана ПЖ № 109 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө” токтомуПостановление · 01.08.2025 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 119 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 18.04.2022 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫПрограмма · 31.12.2024 · № 821 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128