Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө» № 11/4 токтому
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынынм XI кезексиз сессиясы 2024-жылдын 12-марты № 11/4 Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, жайыт, сугат суу адиси Кадырбек уулу Бексултандын Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү ашыкча жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгынын 1-пунктунун 3-абзацынын негизинде Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү идентификациялык номери: 4-01-13-1001-0049, 4-01-13-1001-0048, 4-01-13-1001-0047, 4-01-13-1001-0042, 4-01-13-1001-0041, 4-01-13-1001-0010, 4-01-13-1001-0038, 4-01-13-1001-0037 пайдаланып жүргөн жер тилкелеринин ашыкча жерлери, жалпы аянты 3 га жер аянты айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Тоголок -Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага
Ж. Турдубеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.