Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-марты № 141
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.
3. Программа тиешелүү жылга министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди каржылоого республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Программаны жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды бөлүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ишке ашыруу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ПРОГРАММАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Программа · 15.03.2023 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү…Постановление · 21.06.2017 · № 394 · Күчүн жоготкон
- "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Программа · 21.06.2017 · № 394 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 570 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2021 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү…Постановление · 21.06.2017 · № 394 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 20.12.2021 · № 570