Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ№278 «Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 13 июня 2024 года УП № 154 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики "О мерах по оптимизации расходов республиканского бюджета, повышению эффективности использования бюджетных средств государственными органами и органами местного самоуправления" от 2 декабря 2021 года № 541 и признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-13.
КР Президентинин 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫК 2021-жылдын 26-июну ПЖ№278 Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 405 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин кошпогондо, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 405 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 29-майындагы № 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасыны Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-февралы № 144 (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 21.02.2022 · № 144
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августу №4-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” жөнүндө токтомуПостановление · 27.08.2021 · № 4-1
- Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 01-февралындагы №204 “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 01.02.2024 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлу № 358 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер…Постановление · 12.07.2023 · № 358
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо…Постановление · 26.01.2024 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 190 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан…Распоряжение · 18.04.2023 · № 190
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү оз алдынча…Указ · 02.12.2021 · № 541 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын…Указ · 13.06.2024 · № 154 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 405 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 "Мамлекеттик аппараттын санын…Указ · 23.12.2022 · № 405 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 154 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын…Указ · 13.06.2024 · № 154 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.