Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 21-февралы № 144 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн, штаттык санын оптималдаштыруу, кайталануучу жана ашыкча функцияларын жоюу, бюджеттик каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды изилдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө'' жана 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине функциялык талдоо жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пилоттук органдарын аныктасын жана ведомстволор аралык топтун мүчөлөрүнүн чыгууларынын тиешелүү графигин түзсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин изилдесин, алардын түзүмүн, штаттык санын оптималдаштыруу, кайталануучу жана ашыкча функцияларын жоюу, бюджеттик каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткаруусу боюнча сунуштарды даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин, эксперттерин ишке тартууга, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана эксперттик коомчулуктан зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жөнөтүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышына жеке жоопкерчилик ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизилген мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Шамеев Азамат Султанович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат секторунун эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сагымбаев Абдисамат Акимович
-
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Байдылдаев Муратбек Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Алыкулов Рамис Муратбекович
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Орозбаев Бектурган Ибраимович
-
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору;
Эсенаманов Бакытбек Замирбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат секторунун эксперти;
Маматов Искандарбек Баатырбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин региондук өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы;
Нурумбетов Сыймыкбек Балтагулович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу;
Шаршеев Талант Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы;
Эсенкурманова Гүлназ Эсенкурмановна
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин адам ресурстарын башкаруу жана укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Ибраев Талант Шаршенбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгынын аскердик каттоого алуу башкармалыгынын башчысы;
Чотбаева Гульзат Тажидиновна
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
Мамасалиева Таалайгуль Эркинбековна
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
Темиралиев Нурлан Садырович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын персоналды башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Мамытканов Шеримкул Замирбекович
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды башкаруунун административдик-мамлекеттик жана соттук-укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ№278 "Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.06.2021 · № 278 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү оз алдынча…Указ · 02.12.2021 · № 541 · Күчүн жоготкон