Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январы № 27
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө", 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 8-пунктта "474", "146", "64", "6" деген цифралар тиешелүү түрдө "458", "147", "48", "7" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана электрондук саламаттык сактоонун бирдиктүү экосистемасын түзүү максатында аларды башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системалары менен интеграциялоону камсыз кылуучу маалыматтык системаларынын техникалык оператору болуп саналат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору менен биргеликте 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкүдөй маалыматтык системаларды иштеп чыксын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен бекитилген типтүү штаттарга (тармактарга, штаттарга жана контингенттерге) ылайык түзүлгөн "Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси";
- "Пациенттин санариптик стационардык медициналык картасы";
- "Төрөттөрдүн санариптик тарыхы";
- "Жаңы төрөлгөн баланын санариптик картасы";
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У.Жапаров | |
| Тиркеме | ||
| "32-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
| № | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| 1 | Башкармалыктын начальниги | 3,93 |
| 2 | Бөлүмдүн башчысы | 3,66 |
| 3 | Врач-статистик | 3,39 |
| 4 | Медициналык статистик | 3,11 |
| 5 | Юрист | 3,11 |
| Инженердик-техникалык топ | ||
| 6 | Директор | 13,50 |
| 7 | Директордун орун басары | 13,00 |
| 8 | Архитектор | 13,00 |
| 9 | Башкы программист | 13,50 |
| 10 | Программист | 13,00 |
| 11 | Кенже программист | 11,37 |
| 12 | Башкы бизнес-аналитик | 12,00 |
| 13 | Бизнес-аналитик | 9,95 |
| 14 | Ишке киргизүү жана тестирлөө боюнча улук адис | 6,40 |
| 15 | Ишке киргизүү жана тестирлөө боюнча адис | 5,40 |
| 16 | Системалык администратор (анын ичинде маалыматтык коопсуздук боюнча адис) | 13,00 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасы жана 3-пункту жайылтылбайт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде…Постановление · 08.09.2026 · № 604
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.01.2025 · № 8
- КР Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ№278 "Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.06.2021 · № 278 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү оз алдынча…Указ · 02.12.2021 · № 541 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.