Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 5 Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң маанилүү тармагы кен казуу өнөр жайы болуп саналат, ал жетишсиз натыйжалуулугу жана курчап турган чөйрөгө абдан терс таасир тийгизгендиги менен мүнөздөлөт. Бул жагдайлар аталган тармактын өнүгүүсүн камсыз кылуучу институционалдык, укуктук жана финансылык механизмдердин төмөн жөнгө салынышы менен байланышкан. Ушуга байланыштуу аны башкаруу системасында түп-тамырынан бери реформалоонун курч зарылдыгы келип чыкты. Кен казуу өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, укуктук жөнгө салуунун айкын системасын түзүү, анын потенциалын ачуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирди азайтуу, ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүүсүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү караган мыйзамдардын бүтүн системасын түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Кен кодексинин долбоорун иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү:
Кыргыз Республикасынын Кен кодексин кабыл алынган учурга карата лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканаларды кошпогондо, уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуу компаниясынын гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүүсү; жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрине кирбеген пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин үлүшүн, мамлекеттин үлүшүн алуу шарттарын;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга контролду күчөтүү, анын ичинде лицензиялык контролдоо, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; экологиялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- экономикалык жактан келечеги бар кен чыккан жерлерди аныктоо үчүн геологиялык маалыматтардын аудитин жүргүзүү, ошондой эле жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрин кеңейтүү;
- геологиялык чалгындоо ишине дем берүү жана жаңы кен чыккан жерлерди ачуу менен алардын андан аркы узак мөөнөттүү өнүгүшү үчүн база түзүү боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу; пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандартынын системасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен кен компанияларынын жана подряддык уюмдардын персоналынын жалпы штаттык санынын 90%дан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан жалдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80%дан кем эмесинин, мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы аймагында сатылып алынышын камсыз кылуу;
- кен компанияларынан фонддорго, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге келип түшкөн финансы каражаттарын бөлүштүрүүнүн сарамжалдуулугун, натыйжалуулугун жана ачыктыгын санарип платформалар аркылуу камсыз кылуу;
- 2021-жылдын 1-сентябрына чейин коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кен пайдаланууга жана кен пайдалануучулар жүргүзгөн тышкы экономикалык ишке укукту электрондук лицензиялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- 2021-жылдын 1-майына чейин кен пайдалануу чөйрөсүндө уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнү санариптештирүү үчүн "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу; кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталына жайгаштыруу;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү, ошондой эле бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча аткарылуучу ишти кеңири чагылдыруу.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Премьер-мининстринин 2021-жылдын 11-февралындагы № 63 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын…Распоряжение · 11.02.2021 · № 63
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 127 "Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары…Постановление · 23.02.2026 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 433-т (Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө…Распоряжение · 24.07.2023 · № 433-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 484 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө"…Постановление · 06.09.2022 · № 484 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 297 "Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө"…Постановление · 10.12.2021 · № 297 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 104 "Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2022 · № 104 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 443 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2025 · № 443 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №297 токтомуПостановление · 10.12.2021 · № 297
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №104 токтомуПостановление · 04.03.2022 · № 104
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон