Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 31 января 2024 года № 42 "О ликвидации открытого акционерного общества "Национальная компания "Кавак""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 42 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-марты № 104 "Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну реформалоо жана экономиканын чектеш тармактарын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыздык катышуусу менен "Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коому" (мындан ары - "Кавак" улуттук компаниясы" ААК) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго "Кавак" улуттук компаниясы" ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5055-VI "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому менен кабыл алынган параметрлердин алкагында 2022-жылга республикалык бюджетке тиешелүү түзөтүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- бир акциясы 100 (жүз) сом номиналдык наркы менен 10000 (он миң) жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен уставдык капиталын 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө аныктап "Кавак" улуттук компаниясы" ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;
- "Кавак" улуттук компаниясы" ААКтын уставын бекитсин;
- түзүлүүчү "Кавак" улуттук компаниясы" ААКтын башкаруу жана контролдоо органдарын түзсүн;
- "Кавак" улуттук компаниясы" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда "Кавак" улуттук компаниясы" ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 5 "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2021 · № 5
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 42 ""Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2024 · № 42
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.