Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-мининстринин «Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январдагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 11-февралы № 63 Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январдагы № 5 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга контролду күчөтүү багытында ишке ашыруу максатында:
1. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелер комплексин чечүү боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизүү үчүн жооптуу кызматкерлерди аныкташсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ жер казынасын пайдалануу объекттеринде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте зарылдыгына жараша иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана коомдук активисттерди (макулдашуу боюнча) ишке тартууга укук берилсин.
5. Аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары бардык зарыл болгон материалдарды берүү менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Тиркеме
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелердин комплексин чечүү боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары; улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары; айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары; жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.