КР Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ №243 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2005-жылдын 18-июну, ПЖ №243
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын
аткарууну токтото туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комисиясы тарабынан К.С.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу
жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин -28-статьясынын
талаптарын аткаруу иретинде токтом кылам:
1. Бакиев Курманбек Салиевичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин кызматгык ыйгарым укуктарын аткарышы 2005-жылдын 20-
июнунан баштап Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү
күнүнү аяктаганга чейин токтотула турсун.
2 Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жектекчилик кылуу- Кыргыз
Республикасынын биринчи вице-премьер-министрлери жана вице-премьер-
мињистрлери өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-
жылдын. 7-июнундагы №218 буйругу менен белгиленген милдеттерди
бөлүштүрүүгө ылайык аткара тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматгык ыйгарым
укуктарын аткарууну убактылуу токтото турууга байланыштуу жана
К.С.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу
катары ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тейлөө режимин
өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Ушул Жарлыктын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү белгиленген тартипте
жана мөөнөттө Кыргыз Рсспубликасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча Борбордук комиссиясына жиберилсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 7-июнундагы № 218 " Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин…Распоряжение · 07.06.2005 · № 218 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон