Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин « Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин милдетин аткаруучулардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 7 декабря 2005 года №595 " О распределении обязанностей мевду Премьер-министром, Первым вице-премьер-министром и Вице-премьер-министром Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-07.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Премьер-министринин 2005-жылдын 7-декабрындагы №595
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 7-июну, № 218
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Кыргыз
Республикасынын вице-премьер-министрлеринин милдетин
аткаруучулардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Президенти шайланганга чейин Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри менен Кыргыз Республикасынын вице-
премьер-министрлеринин милдетин аткаруучулардын ортосунда милдеттер
төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Жалпы жетекчилик жүргүзөт; кадрлык маселелер боюнча чечим чыгарат,
укуктук камсыздоо маселелерин координациялайт, укук коргоо
органдарынын, коргонуу, коррупцияга каршы күрөшүү, сот системасын
реформалоо; администрациялык реформа жүргүзүү, мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү
маселелерин тейлейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары менен өз ара байланышта иштјөсүн камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат боюнча
кењешти башкарат.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин
милдетин аткаруучу
Тјмөнкү маселелерди координациялайт жана тейлейт: мобилизациялык
жана мамлекеттик резервдер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек
арасын делимитациялоо жана демаркациялоо; маалыматтык ресурстар,
технологиялар жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо; техникалык
жјнгө салуу, стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо; чет
өлкөлөр, ДСУ менен соодалык - экономикалык кызматташуу, региондор
аралык соода жана тышкы экономикалык байланыштар, баалуу кагаздар
рыногун өнүктүрүү; мамлекеттик камсыздандыруу: калкты социалдык жана
тиричиликтик тейлјј.
Өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин
милдетин аткаруучу
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана тейлейт: имарат куруу,
курулуш, анын ичинде жол курулушу; коммуналдык чарба; транспорт,
байланыш жана коммуникациялар; энергетикалык коопсуздук,
керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоо, экономиканын тармактарын жана
калкты күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даярдоо, энергиянын натыйжалуулугу
жана энергияны үнөмдөө; кен казуу өнөржайы, агрардык саясат жана
агрјөнөржай комплекси, анын ичинде айыл чарба, суу чарба, кайра
иштетүүчү өнөржай, ошондой эле экология жана өзгөчө кырдаалдар
маселелери; кыймылсыз мүлктү каттоо.
Өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин
милдетин аткаруучу
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана тейлейт: макроэкономика,
өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүн болжолдоо; турак жай
саясаты жана ипотекалык иш; өнөржай, соода жана төлөм баланстары;
мамлекеттик инвестициялар программаларын түзүү жана ишке ашыруу,
мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, корпоративдик башкарууну
киргизүү жана өнүктүрүү, инвестицияларды жана жањы технологияларды
тартуу, маркетинг, экспорт-импорт, тариф, акча-кредит саясаттары,
республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу; отун-энергетика
комплексинин системасынын тармактарын башкарууну реформалоо;
hxjepdhjrh, чакан жана орто бизнести колдоо, монополияга каршы саясат;
экспорттук коктроль; ата мекекдик товар өндүрүүчүлөрдү коргоо;
финансылык отчёттуулук жана аудит; мамлекеттик ишканаларды жана
акциялардын мамлекеттик пакетин башкаруу.
Өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин
милдетин аткаруучу
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана тейлейт: социалдык,
демографиялык жана миграциялык саясат; социалдык кепилдик системасы;
билим берүү, илим, патент берүү иши, саламаттык сактоо, маданият, дене
тарбия жана спорт; мамлекеттик жаштар саясаты, гуманитардык жардам
алып келүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн профсоюздук жана диний
уюмдар, коомдук кыймылдар жана бирикмелер менен јз ара байланышта
иштјјсун камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин
милдетин аткаруучу
Төмөнкү маселелерди координациялайт жана тейлейт: эл аралык
кызматташтык; Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аймагындагы
интеграциялык саясат; Евразиядагы экономикалык шериктештиктин,
«Борбордук Азиялык Кызматташтык» уюмунун, Аралды сактоо боюнча эл
аралык фонддун алкагында кызматташууну камсыздоо; Казакстан
Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен
эки тараптуу соодалык - экономикалык жана башка кызматташуу, ошондой
эле Борбордук Азияда суу - энергетика ресурстарын пайдалануу
маселелери.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы жана Өзбекстан
Республикасы менен табигый газ берүү боюнча кызматташуусун ишке
ашырат, ошондой эле Кыргызстандык - Казакстандык «КырКазГаз»
биргелешкен ЖчКнын ишин тейлейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары
менен өз ара байланышта иштөөсүн камсыздайт, маалыматтык саясатты ишке
ашырат, ошондой эле туризм маселелерин тейлейт.
Өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 28-
апрелиндеги № 123 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин милдетин
аткаруучулардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйругу
күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ № 243 ""Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.06.2005 · № 243
- КР Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июнундагы ПЖ №243 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу жөнүндө"…Указ · 18.07.2005 · № 243
- КР Премьер-министринин 2005-жылдын 7-декабрындагы №595 " Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин жана…Распоряжение · 07.12.2005 · № 595 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Премьер-министра КР от 28 апреля 2005 года № 123 "О распределении обязанностей между Премьер-министром Кыргызской Республики и исполняющими обязанности…Распоряжение · 28.04.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Распоряжение Премьер-министра КР от 28 апреля 2005 года № 123 "О распределении обязанностей между Премьер-министром Кыргызской Республики и исполняющими обязанности…Распоряжение · 28.04.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2005-жылдын 7-декабрындагы №595 " Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин жана…Распоряжение · 07.12.2005 · № 595 · Күчүн жоготкон