Саз айылдык кеңешинин «Саз айыл өкмөтүнун бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссияныны сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө»токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Саз айылдык кенештин ХХYII –чакырылышынын 1-сессиясы
2019-жылдын 18-январы №1/25 Саз айыл өкмөтүнун бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссияныны сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120 –р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык процестик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык -аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону негизинде Саз айылдык кенешинин 1-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саз айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Саз айыл өкмөтү Саз айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону Кыргыз Республикасынын Жергиликтү өз алдынча башкаруу иштерин жана этностор аралык мамлелер боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында жайгаштырсын жана юстиция органдарына каттоодон өткөрсүн.
3. Саз айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияныны сандык жана персоналдык курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Базаркулов Манас Суйунтбекович - Саз айыл өкмөтүнүн айыл башчысы. комиссиянын төрагасы.
- Кулматов Кыпчак Асаналиевич- Саз айыл өкмөтүнүн тургуну –төраганын орун басары.
- Маматкаипова Гулжан Алымбековна- Саз айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо адиси – комиссиянын катчысы.
- Есеналиев Талай Төлөбиевич – башкы жер адис комиссиянын мүчөсү.
- Иманкулов Кынат Акыналиевич - квартал башчысы - комиссиянын мүчөсү
- Орозов Тариэль – аксакалдар сотунун төрагасы - комиссиянын мүчөсү
- Сыдыков Дуйшөн Жанузакович – М.Жаныбаева орто мектебинин директору.
- Суйменов Мырзабек – Айыл тургуну- комиссиянын мүчөсү
- Асанов Казыбек – квартал башчысы - комиссиянын мүчөсү
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Саз айыл өкмөтүнүн башчысы
А. Жумашалиевке жүктөлсүн.
Төрага:
К.Сарымсаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б "Кодекстердин иш-чара пландарын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.04.2017 · № 120-б
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.