Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында электр байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана электр байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:
- электр байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн керектүү шарттарды түзүү;
- электр байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдүгүн камсыз кылуу.
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүү эрежелерин бекитүү;
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүүгө чыгымдарды техникалык-экономикалык негиздөөнүн методикасын бекитүү;
- шаар аралык жана/же эл аралык байланыштын телекоммуникациялык операторунун тармактарына талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү;
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Кыргыз Республикасынын номерлештирүү улуттук тутумун жана планын бекитүү;
- жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялардын тармактарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коргоо, коопсуздук жана укуктук тартипти коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн телекоммуникациянын бирдиктүү тармагынын ресурстарын даярдоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү;
- телекоммуникациялардын тармактарынын кошулуу жана өз ара аракеттенүү (тармактар аралык кошулуу) эрежелерин, анын ичинде трафикти өткөрүүнү жана өз ара эсептешүүнүн тартибин бекитүү;
- байланыштын, маалыматты берүүнүн кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү;
Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- универсалдык тейлөө резервинин каражаттарын колдонуу тартибин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышы жаатында башкаруу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана өз компетенциясынын чектеринде электр байланышынын бардык түрлөрүнүн абалы жана өнүгүшү үчүн жоопкерчилик тартуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына өткөрүп берет. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электр жана почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү байланыш тарамын өнүктүрүүнүн программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын аткарылышынын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электр жана почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктары:
- байланыш тарамындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн керектүү шарттарды түзүү;
- байланыш тарамын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдүгүн камсыз кылуу.
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүү эрежелерин бекитүү;
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүүгө чыгымдарды техникалык-экономикалык негиздөөнүн методикасын бекитүү;
- шаар аралык жана/же эл аралык байланыштын телекоммуникациялык операторунун тармактарына талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын номерлештирүү улуттук тутумун жана планын бекитүү;
- жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялардын тармактарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коргоо, коопсуздук жана укуктук тартипти коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн телекоммуникациянын бирдиктүү тармагынын ресурстарын даярдоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү;
- телекоммуникациялардын тармактарынын кошулуу жана өз ара аракеттенүү (тармактар аралык кошулуу) эрежелерин, анын ичинде трафикти өткөрүүнү жана өз ара эсептешүүнүн тартибин бекитүү;
- байланыштын, маалыматты берүүнүн кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү;
- универсалдык тейлөө резервинин каражаттарын колдонуу тартибин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга ылайык электр жана почта байланышын башкаруу жагындагы өзүнүн ыйгарым укуктарын, өзүнүн кызмат укуктарынын чектеринде электр жана почта байланышынын бардык түрлөрүнүн абалына жана өнүгүшүнө жооп берүүчү транспорт жана коммуникациялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына өткөрүп бериши мүмкүн.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2023 · № 501
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 591 "2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү…Постановление · 27.10.2022 · № 591
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана…Постановление · 09.01.2018 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү…Постановление · 20.03.2018 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 "Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2024 · № 139
- КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 187 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.08.2016 · № 187
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү…Постановление · 04.04.2019 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 "Маалыматтарды берүү…Постановление · 16.01.2025 · № 19
- КР Министрлер Кабинетинин 27.10.22 ж. №591 токтомуПостановление · 27.10.2022 · № 591
- КР Министрлер Кабинетинин 22.09.23 ж. №501 токтомуПостановление · 22.09.2023 · № 501
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 токтомуПостановление · 20.03.2018 · № 146
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы №10 токтомуПостановление · 09.01.2018 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомуПостановление · 04.04.2019 · № 157
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22 -февралындагы №65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш…Постановление · 22.02.2011 · № 65 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2023 · № 501
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү…Постановление · 20.03.2018 · № 146
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-4" title="4-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>