Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-сентябры № 501
Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун жоболору жана аны менен бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.
3. Бул токтом күчүнө кирген күнгө чейин көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүү процессинде түзүлгөн байланыш операторунун маалымат базасындагы абоненттер жөнүндө маалыматтар ушул токтомдун жоболоруна ылайык келтирүүнү талап кылбайт жана көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө аталган келишимдер өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 токтомуна)Правила · 22.09.2023 · № 501
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 97 · Күчүн жоготкон
- Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесиПравила · 17.02.2014 · № 97 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү…Постановление · 15.01.2018 · № 20 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 97 · Күчүн жоготкон
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон