Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-марты № 139
Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтомдун жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат;
2) маалыматтарды берүү операторунун маалымат базасында камтылган маалыматтарды берүү абоненттери жөнүндө маалыматтар, маалыматтарды берүү оператору менен маалыматтарды берүү абоненттеринин ортосунда түзүлгөн акы төлөнүүчү келишимдер бул токтом күчүнө кирген күнгө чейин өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат жана анын жоболоруна шайкеш келтирүүнү талап кылбайт;
3) Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү операторлору жыл сайын 2028-жылга чейин жогоруда аталган Эрежелердин 8-пунктунда каралган талаптарга ылайык маалыматтарды сактоо көлөмүн көбөйтүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 24 (3577) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 токтомуна)Правила · 27.03.2024 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 "Маалыматтарды берүү…Постановление · 16.01.2025 · № 19
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 139 "Маалыматтарды берүү…Постановление · 16.01.2025 · № 19
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон