Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 7 октября 2017 года УП № 207 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-10-07.
КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1999-жылдын 10-майы ПУ № 121 Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 106, 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Колдонулуп жаткан мыйзамдар граждандарга таандык баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн тартибин камтыбай тургандыгын эске алып, баалуу кагаздардын рыногунун иштөө механизмин андан ары өнүктүрүү жана граждандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-статьясынын 1-пунктуна, 42-статьясынын 3-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ: Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ачык типтеги акционердик коомдордун баалуу кагаздарынын соода-сатыгы жана аларды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдү брокердик, дилердик иш жүргүзүү, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте баалуу кагаздарды ишеним менен жана баалуу кагаздардын рыногунуда сооданы лицензиясы бар уюштуруучулар аркылуу башкаруу укугуна лицензиясы бар баалуу кагаздардын профессионал катышуучулары гана жүргүзүүгө укуктуу экендиги;
- акционердик коомдордун баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүчү жана сактоочу адистештирилген каттоочулар жана адистер ачык типтеги акционердик коомдордун баалуу кагаздарына менчик укугунун өтүшү жөнүндө жазууну реестрге баалуу кагаздардын рыногунда сооданы лицензиясы бар уюштуруучулар аркылуу бүтүм жасалып жаткандыгын ырастаган документтердин негизинде гана киргизе тургандыгы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссия менен бирдикте:
- ушул Указдын 1-пунктунда каралган чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын;
- баалуу кагаздардын жүгүртүлүшүнө салык салуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун 1999-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- баалуу кагаздардын рыногунда сооданы лицензиялык уюштуруучулар аркылуу менчиктештирилген ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуунун тартибин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 106, 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (8)
- Распоряжение Правительства КР от 20 сентября 2004 года № 600-р (О продаже гос.пакета акций газеты "Эркин-тоо")Распоряжение · 20.09.2004 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2007 · № 78
- Распоряжение Правительства КР от 15 марта 2004 года N 153-р (Утвердить прилагаемый Перечень акционерных обществ, государственные пакеты акций которых будут выставлены для…Распоряжение · 15.03.2004 · № 153
- КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.10.2017 · № 207
- Правила совершения сделок с ценными бумагами в Кыргызской Республике (Утверждены постановлением Государственной комиссии при Правительстве КР по рынку ценных бумаг от 7 марта…Правила · 07.03.2002 · № 23 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 октября 1999 года №575 "О реализации государственной доли акций акционерных обществ на Кыргызской фондовой бирже"Постановление · 25.10.1999 · № 575 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ N 106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча…Указ · 13.03.2006 · № 106 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ N 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча…Указ · 22.06.2009 · № 286 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.10.2017 · № 207
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Правила биржевой торговли ценными бумагами в АОЗТ "Биржевая торговая система" (Утверждены постановлением Государственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по рынку…Правила · 10.05.2002 · № 39 · Күчүн жоготкон