Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ N 286 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы „Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө“ Указына толуктоолорду киргизүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 7 октября 2017 года УП № 207 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-10-07.
КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 22-июну ПЖ N 286 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына толуктоолорду киргизүү тууралуу
"2009-жылы 3-февралда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик карыздын бир бөлүгүн мүлктүк формада тындыруу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы калган карызын кечүү жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы N 121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указынын 1-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- экинчи абзацтагы "ачык типтеги акционердик" деген сөздөрдөн мурда "48 пайыз өлчөмүндө "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берүү боюнча бүтүмдөн тышкары" деген сөздөр кошулсун;
- үчүнчү абзацтагы "каттоочулар жана адистер" деген сөздөрдөн кийин "48 пайыз өлчөмүндө "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетине менчик укугун өткөрүп берүү жөнүндө жазуудан тышкары" деген сөздөр кошулсун, андан ары текст боюнча. Абзацтын акырына "48 пайыз өлчөмүндө "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетине менчик укугун өткөрүү жөнүндө жазуу өткөрүп берүү буйругунун негизинде киргизилет." деген сүйлөм кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.10.2017 · № 207
- Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада…Закон · 10.02.2009 · № 45
- КР Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы №121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.05.1999 · № 121 · Күчүн жоготкон