Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук Банкынын токтому «Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-декабры № 95\4 Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу Кароого сунушталган "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 18 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ кылат:
1. Кароого сунушталган "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2001-жылдын 20-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2001-жылдын 9-апрелинде 59-номерде каттоодон өткөртүлгөн № 6/9 "Шектүү банкноттор менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу токтом, күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин, алмашуу бюролорун жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төраганын милдетин аткаруучу
Б.Жеенбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 2-тиркемеПоложение · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА
- Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын…Положение · 27.08.2008 · № 33/5
- Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4…Инструкция · 28.12.2010 · № 95/4
- Положение о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской Республике (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года №…Положение · 30.11.2000 · № 42/1
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу…Постановление · 11.06.2014 · № 25/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-июнундагы № 2019-П-13/33-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №…Постановление · 24.06.2019 · № 2019-П-13/33-6-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү…Постановление · 10.08.2011 · № 44/3
- Постановленние Правление Национального банка Кыргызской Республики от 20 марта 2001 года №6/9 "Об Инструкции "По работе с сомнительными банктнотами национальной валюты".Постановление · 20.04.2001 · № 6/9 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по работе с сомнительными банкнотами национальной валюты (Утверждена Постановлением Правления Национального Банка Кыргызской Республики от 20 марта 2001 года №6/9)Инструкция · 20.03.2001 · № 6/9 · Күчүн жоготкон
- "О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об Инструкции по работе с сомнительными банкнотами и монетами национальной валюты" от…Постановление · 15.03.2023 · № 2023-П-13/16-6-(НПА)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон