Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 „ Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-июну № 25/7 Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 18 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу " токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К. Алыбаевага ыйгарылсын.
Төрага
Т.С. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014- жылдын 11 июнунун № 25/7 токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна карата өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:
1. 5-пунктунда жана андан ары бүтүндөй тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансы полициясы кызматынын (мындан ары - Финансы полициясы)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат" (мындан ары Финполиция) деген сөздөргө алмаштырылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Улуттук Банкынын токтому 2010-жылдын 28-декабрыдагы № 95\4 "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу"Постановление · 28.12.2010 · № 95/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон