Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-октябры № 41/5 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 мыйзамынын 1-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-июлунда 67-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/3 "Микрокредиттик компаниялардын/микрокредиттик агенттиктердин жана ломбарддардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону жана "Микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 3-декабрында № 112/07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 48/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1994-жылдын 3-декабрындагы № 10/10 "Ломбарддар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-июлунда 67-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн);
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/3 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын иши жөнүндө" жобо тууралуу";
- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/3 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын иши жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен:
- 3 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарын жана Баткен өкүлчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан мурда лицензия алышкан ломбарддарды тааныштырсын;
- 60 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген ошол лицензияларды кайтарып алышсын;
- лицензияларды кайтарып алгандан кийин 30 күндүн ичинде ломбарддардын документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын архив фондусуна өткөрүүнү камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Төрага
М. Алапаев
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/5 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченем укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-июлунда 67-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/3 "Микрокредиттик компаниялардын/микрокредиттик агенттиктердин жана ломбарддардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жобонун аталышында жана анын бүтүндөй тексти боюнча тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жана ломбарддар" деген сөздөр алынып салынсын;
- Жобонун 1.3-пункту алынып салынсын;
- Жобонун 4.3-пунктундагы "ломбарддар 1ден 3-бөлүккө чейин беришет" деген сөздөр алынып салынсын;
- Жобонун 4.4-пунктундагы "же ломбарддарга" деген сөздөр алынып салынсын;
- Жобонун 4.8-пунктундагы "же ломбарддардын" деген сөздөр алынып салынсын.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 3-декабрында № 112/07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 48/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомго төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун 1-пунктундагы "ломбарддык операцияларды жүргүзүү укугуна эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө" деген сөздөр алынып салынсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 токтому менен бекитилген "Микрокредиттик компаниянын/микрокредитти агенттиктин мезгил-мезгили…Положение · 27.05.2009 · № 25/3
- КР Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 48/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.11.2007 · № 48/7
- Положение о деятельности ломбардов на территории Кыргызской Республики ( Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 19 февраля 2003 года №…Положение · 19.02.2003 · № 4/3 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального Банка КР от 19 февраля 2003 года №4/3 " О Положении "О деятельности ломбардов на территории Кыргызской Республики"Постановление · 19.02.2003 · № 4/3 · Күчүн жоготкон
- "О размере сбора и платы за лицензии, выдаваемые Национальным банком Кыргызской Республики"Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-4-(НПА)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 13 июня 2007 года № 30/10 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 19…Постановление · 13.06.2007 · № 30/10 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3…Положение · 27.05.2009 · № 25/3
- Положение о деятельности ломбардов на территории Кыргызской Республики ( Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 19 февраля 2003 года №…Положение · 19.02.2003 · № 4/3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 31.07.2009 · № 258 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө ЖОБОПоложение · 14.10.2009 · № 41/7
- КР Улуттук банк башкармасынын токтому 2009-жылдын 27-майы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү…Постановление · 27.05.2009 · № 25/3
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон