КР Улуттук банкынын башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2007-жылдын 14-ноябры № 48/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө (КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/5, 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтому менен бекитилген "Жеке ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин:
накталай четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө; банк операцияларын жүргүзүү укугуна:
- улуттук валютада - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө;
- четөлкө валютасында - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө;
- баалуу металлдар менен - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө;
адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин иш жүргүзүү укугуна эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө; кредиттик союздардын иш жүргүзүү укугуна - бир сом;
- маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү ишке ашыруу ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоо үчүн - эсептик көрсөткүчтүн он эселенген өлчөмүндө;
- бул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм тутумунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каржылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү - эсептик көрсөткүчтүн он эселенген өлчөмүндө.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/5, 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кайра тариздетүү жана лицензиянын дубликатын берүү учурунда бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөм акы кармалат.
3. Келип түшкөн өтүнүч каттарды кароого алуу жана лицензия берүү, ошондой эле лицензияны кайрадан тариздетүү жана дубликатын берүү учурунда төлөнгөн бардык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
4. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 25-июлундагы № 27/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-3, 5, 6-пункттары жана Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 11-октябрындагы № 44/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Төрага
М. Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/8 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы№ 48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан…Постановление · 25.02.2015 · № 13/8
- "Об утверждении Положения "О лицензировании деятельности кредитных бюро"Постановление · 24.08.2016 · № 35/5
- "О размере сбора и платы за лицензии, выдаваемые Национальным банком Кыргызской Республики"Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-4-(НПА)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 27.01.2006 · № 21 · Күчүн жоготкон