Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-10-19.
КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 31-июлу № 258
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Расмий тилдеги тексттин 5-беренесинин 2-пунктундагы "предпринимательской" деген сөз алынып салынсын.
2. 9-берененин 1-бөлүгүндө:
расмий тилдеги тексттин биринчи абзацындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын; 1, 17, 19, 27, 28 жана 34-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү"; 5-пункттагы "парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, парфюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертификацияларынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары") деген сөздөр алынып салынсын: 9-пункттагы "иштердин" деген сөз "атайын жумуштардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 13-пункттагы "ломбард иши" деген сөздөр алып салынсын; 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет;"; 35-пункттагы "бажы ташуучусу" деген сөздөр алып салынсын.
3. Расмий тилдеги тексттин 17-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасындагы "предпринимательской" деген сөз алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып милдеттүү лицензиялоого тийиш болгон ишкердиктин тизмегинен ушул Мыйзам менен алып салынган ишкердиктин түрлөрүнө берилген лицензиялар юридикалык күчүн жоготот, ал эми ишкердиктин ушул түрлөрү боюнча лицензия берүү үчүн кароого келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайтарып берилүүгө тийиш деп белгиленсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясын ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Улуттук банкынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" токтомуПостановление · 14.10.2009 · № 41/5
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон