Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-октябры № 41/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" жана "Чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 15-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 14-июнунда 57-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/1 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтому менен бекитилген, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөлүштөгү жана сандык категориялардагы "бүтүм жана операция" жана "бүтүм же операция" деген сөздөр тиешелүү жөндөлүштөгү жана сандык категориялардагы "операция (бүтүм)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жобонун 1.1-пунктун эске албаганда, анын бүтүндөй тексти боюнча "терроризмге" деген сөздөр "(экстремизмге)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган" деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ банктар" деген сөздөр кошулуп, андан ары текст боюнча кетсин.
4. Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.3-пункт менен толукталсын:
"1.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банктардын ишине инспектирлөөнү жүргүзөт жана анын натыйжалары боюнча маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт."
5. Жобонун 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Пайда алуучу - акча каражаттарына же мүлккө карата менчикке укукка ээ жана анын атынан жана/же анын эсебинен кардар акча каражаттары же мүлк менен операцияны (бүтүмдү) ишке ашырган, же болбосо ошол жак менен кардардын ортосунда келишилген макулдашууга ылайык ал кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүсүнө тике же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
6. Жобонун 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы бешинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Ички контролдук-милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча банк тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйындысы. Экстремизм - конституциялык түзүлүштүн негиздерин баскынчылык менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, коопсуздукка коркунуч келтирүүгө жана бийликтин ыйгарым укуктарын басып же өткөрүп алууга, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүүгө, террористтик иштерди жана Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иштерге каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамында аныкталган башка мыйзамсыз аракеттерди жүзөгө ашырууга багытталган иш. Идентификация - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускаларынын же тиешелүү деңгээлде тастыкталган алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде маалыматтардын банк тарабынан тастыкталышы. Верификация - ички контролдук максатында, идентификациялоонун натыйжаларын тактоо же тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү боюнча банк тарабынан жүргүзүлгөн чаралар.".
7. Жобонун 2-бөлүгүнүн бешинчи-жетинчи абзацы тогузунчу-он биринчи абзацтар катары эсептелинсин.
8. Жобонун 2-бөлүгүнүн онунчу абзацындагы "банктын кызматкери" деген сөздөн мурда "(жетекчиликтин деңгээлиндеги)" деген сөздөр кошулсун. Ал эми "идентификациялоо" деген сөз "верификациялоо" деген сөз менен толукталсын.
9. Жобонун 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 11-13-абзацтар менен толукталсын:
"Баштапкы сумма - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамда белгиленген, 1000000 сомду түзгөн (чет өлкө валютасынын эквиваленти) маани. Саясый маанидеги кызматты ээлеген чет өлкөлүк адам - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясый функцияларды аткаруу сунушталган же аларга ыйгарылган чет мамлекеттин жарандары, (мамлекет же өкмөт башчылары, жогорку даражадагы саясый ишмерлер, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана фискалдык органдарда жогорку кызматты ээлеген адамдар, саясый партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери) анын ичинде мурда иштеп кеткендер. "Ислам терезеси", "Ислам банкы", "Ислам терезесине" ээ банк", "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" - бул терминдер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында камтылган түшүнүктөргө ылайык келет.".
10. Жобонун 2-бөлүгүнүн 11-абзацы 14-абзац катары эсептелинсин.
11. Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.4-пункт менен толукталсын:
"3.4. Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялар тарабынан терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, ички контролдукту уюштуруу боюнча тиешелүү чаралардын сакталышы банк тарабынан камсыз кылынууга тийиш.".
12. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4-пункту 3.5-пункт катары эсептелинсин.
13. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
"- Шариат кеңеши менен өз ара аракеттенүү жана ага кайрылып туруу(*)".
14. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.6-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
"- ислам банк иши жана каржылоо жагында билим деңгээли(*)".
15. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.2-пункту төртүнчү абзац менен толукталып, төмөнкү редакцияда берилсин:
"- кардарлардын - резидент эместердин, анын ичинде саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын иши;".
16. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.2-пунктунун төртүнчү-алтынчы абзацтары бешинчи-жетинчи абзацтар катары эсептелинсин.
17. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.4-пунктундагы "идентификациялоо" деген сөз ", верификациялоо" деген сөз менен толукталсын.
18. Жобонун 5-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 5.6-жаңы пункт менен толукталсын:
"5.6. Саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдарды тейлөөдө банк төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш:
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар менен мамиле түзүүгө чейин банк Башкармасынын ушул иш чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү болгон мүчөсүнөн кат жүзүндө уруксат алуу;
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар тууралуу маалыматтарды туруктуу негизде жаңылап туруу;
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар, алардын жубайы жана жакын туугандары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен жүргүзгөн операцияларга (бүтүмдөргө) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык олуттуу көңүл буруу.".
19. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.6-5.8-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 5.7-5.9-пункттар катары эсептелинсин.
20. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.7-пунктундагы "идентификациялоо" деген сөз ", верификациялоо" деген сөз менен толукталсын.
21. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.9-пунктундагы "идентификациялоону" деген сөз ", верификациялоону" деген сөз менен толукталсын.
22. Жобонун 6-бөлүгүнүн 6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"6.1. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жүзөгө ашырылышынын мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин орун алышы көз карашынан, кардарлардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби банк тарабынан аныкталууга тийиш. Мына ушул максаттарда банк кардарлар менен өзүнүн ишкердик мамилелерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат жана аларда төмөнкү иш чаралар камтылууга тийиш:
- кардардын иши банктын колундагы ошол кардар, анын бизнеси жана кардар дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдик деңгээлине тиешелүү маалыматтарга ылайык келээрине ынануу үчүн кардардын эсеби боюнча жүргүзүлгөн операцияларга көз салып туруу;
- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине келип түшкөн акча каражаттары кайдан алынгандыгын териштирүү;
- ачык-айкын экономикалык жана мыйзамдык максаттарды көздөбөгөн бардык татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга анализдөөлөрдү жүргүзүү;
- банкка келип түшкөн бардык маалыматтарды документ катары түзүп, каттоо жана зарылчылык келип чыккан шартта, бул маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүү.".
23. Жобонун 6-бөлүгүнүн 6.2-пунктундагы:
- ушул жобонун 6.3-пунктунда келтирилген сөздөр "(же болбосо 14 күн ичинде ишке ашырылган, өз ара байланыштуу бир нече бүтүм же операция)" деген сөздөр алынып салынсын;
- "1000000 сом (чет өлкө валютасындагы эквивалентте)" деген сөздөр "чектүү суммага" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. Жобонун 6-бөлүгүнүн 6.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"6.3. Улуттук банкка макулдашуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык, акча каражаттары же башка мүлк менен милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкүлөр кирет:".
25. Жобонун 6-бөлүгүнүн 6.3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, бардык ички же тышкы операциялар (бүтүмдөр).". II. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.3-пунктунун акыркы абзацындагы "бүтүм жана операция" жана "бүтүмдөр жана операциялар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "операция (бүтүм)", "операциялар (бүтүмдөр)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.3-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы аныктама менен толукталсын:
"Чектүү сумма - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамда белгиленген 1000000 сом өлчөмүндөгү (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) маани".
3. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.5-пунктунун 27-пунктчасындагы "1000000 сом" деген сөз "чектүү сумма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.5-пунктунун 27-пунктчасындагы "(1-а тиркеме)" деген сөздөрдөн кийин "Алмашуу пункттарында маалыматтардын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, электрондук журналды жүргүзүүгө жол берилет" деген сөздөр менен толукталсын.".
5. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.1-пунктунун бешинчи-алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы № 1689-II токтому менен бекитилген "Калайык калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" жобо;
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2001-жылдын 20-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2001-жылдын 9-апрелинде 59 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/9 токтом менен бекитилген "Улуттук валютанын шектенүүнү жараткан банкноттору менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо".
6. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.16-пунктундагы "Кыргыз Республикасында жасалма акча жасоочулукка каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө" нускоо" деген сөздөр "Улуттук валютанын шектенүүнү жараткан банкноттору менен иш алып баруу жөнүндө нускоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Жобонун 4-бөлүгүнүн 1-абзацындагы "мыйзам" деген сөз "жобо" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.1-пунктундагы "ким экендигин тастыктаган (сүрөтү менен)" деген сөздөр ", эгерде сатылып алынган чет өлкө валютасынын суммасы чектүү суммага барабар же андан ашкан учурда" деген сөздөр менен толукталсын.
9. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.4-пунктундагы "ким экендигин тастыктаган (сүрөтү менен) деген сөздөр ", эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы чектүү суммага барабар же андан ашкан учурда" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 1а-тиркеменин 5-графасындагы "паспорт" деген сөз "инсандык күбөлүктүн" деген сөзгө, "паспорттун" деген сөз "ким экендигин тастыктаган документтин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
III. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) IV. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (6)
- Положение о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской Республике (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года №…Положение · 30.11.2000 · № 42/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) ""Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 2018-П-12/24-2-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга…Постановление · 21.08.2019 · № № 2019-П-33/43-6-(НФКУ)
- Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук…Положение · 15.05.2007 · № 26/1 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о проведении инспекторских проверок на местах (утверждена постановлением Правления Нацбанка КР от 4 февраля 2004 года N 2/2)Инструкция · 04.02.2004 · № 2/2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга…Постановление · 21.08.2019 · № № 2019-П-33/43-6-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) ""Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 2018-П-12/24-2-(НПА)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года № 42/1 "Об утверждении Положения о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской…Постановление · 30.11.2000 · № 42/1
- Постановление Правления Нацбанка КР от 15 мая 2007 года № 26/1 "О Положении "О минимальных требованиях к организации внутреннего контроля в коммерческих банках и иных…Постановление · 15.05.2007 · № 26/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук…Положение · 15.05.2007 · № 26/1 · Күчүн жоготкон
- Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөЗакон · 17.08.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о минимальных требованиях к системе внутреннего контроля в микрофинансовых организациях и кредитных союзах Кыргызской Республики в целях противодействия финансированию…Положение · 14.02.2007 · № 7/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 4 февраля 2004 года N 2/2 "Об утверждении "Инструкции о проведении инспекторских проверок на местах"Постановление · 04.02.2004 · № 2/2
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 14 февраля 2007 года №7/2 "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях к системе внутреннего контроля в микрофинансовых…Постановление · 14.02.2007 · № 7/2 · Күчүн жоготкон
- Об операциях в иностранной валютеЗакон · 05.06.1995 · № 6-1 · Күчүн жоготкон