Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 28 марта 2013 года № 10/7 "Об утверждении Положения "О кредите "Овернайт" Национального банка Кыргызской Республики" "» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-03-28.
КР Улуттук банк Башкармасынын
2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
3-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 19-09
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 23-декабрындагы
№ 49/4 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
"овернайт" кредити жөнүндө
ЖОБО
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүн-
дө" бул жободо (мындан ары текст боюнча "Жобо") Улуттук банктан (мындан
ары - "Улуттук банк") лицензия алышкан коммерциялык банктарга (мындан
ары текст боюнча "Банк/Банктар") Улуттук банктын "овернайт" кредитин
берүү тартиби аныкталган.
I. Жободо колдонулган терминдер жана түшүнүктөр
1.1. "Овернайт" кредити - заклад түрүндөгү күрөө алдында, каттал-
ган пайыздык чен боюнча, Улуттук банк тарабынан Банкка операциялык
күндүн ичинде берилүүчү, кийинки иш күнүнөн кечиктирилбестен төлөнүүгө
тийиш болгон, сом түрүндөгү кредит.
1.2. ЭЦК АПК - "Электрондук цифралык кол тамга" аппараттык-прог-
раммалык комплекси.
1.3. ЭТД - Электрондук төлөм документи - электрондук формада
түзүлгөн, эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтып,
электрондук цифралык кол тамга менен ырасталган төлөм документинин
түрү.
1.4. БСС АС - "Бирдиктүү тоорук системасы" автоматташтырылган сис-
темасы - Улуттук банктын бир күндүк жана "овернайт" кредиттерин берүү
боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн каралган программалык-техникалык
комплекс.
1.5. Депозитарий - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу ка-
газдарын эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана
мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган
юридикалык жак.
1.6. "Депо" эсебинин инвестициялык субэсеби - Банкка тиешелүү бол-
гон мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо максатында
Банктын Депозитарийде ачылган субэсеби.
1.7. "Депо" эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсеби - Банк "овернайт"
кредитин алууда күрөө катары берилүүчү мамлекттик баалуу кагаздарды
эсепке алуу жана сактоо үчүн Банктын Депозитарийде ачылган субэсеби.
1.8. Операциялык күн - Улуттук банктын операциялык күнүнүн регла-
ментине ылайык, ар бир иш күнүнүн 8.30дан 16.30 чейинки убакыт аралыгы.
II. Жалпы жоболор
2.1. "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
жөнүндө" Мыйзамынын 5- жана 28-статьяларына, ушул Жобого жана Улуттук
банк менен Банктын ортосунда түзүлгөн "овернайт кредити жөнүндө" Гене-
ралдык келишимге ылайык "овернайт" кредити берилет. "Овернайт" кредити
тууралуу Генералдык келишимдин типтүү формасы, ушул Жобого карата
1-тиркемеде келтирилген.
2.2. Банкка "овернайт" кредити, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктү
колдоо максатында, улуттук валютада, берилген күндөн кийнки иш күнү
төлөө мөөнөтү менен катталган пайыздык ченде, заклад түрүндөгү күрөөлүк
камсыздоо алдында, чейректин акыркы иш күнүнөн тышкары, кайсыл болбосун
иш күнү берилет.
2.3. "Овернайт" кредити боюнча пайыздык чен ("овернайт" чени)
Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча кредит саясатынын максаттарынан
жана милдеттеринен улам, Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет
жана ал өзгөртүлүшү мүмкүн.
2.4. Банктын "овернайт" кредитин кайтарып берүү боюнча милдеттен-
меси заклад түрүндөгү күрөө менен камсыз болот. Заклад түрүндөгү
күрөөнүн предмети болуп, мамлекеттик баалуу кагаздар саналат. Камсыз
кылуунун жетиштүүлүгүнүн көлөмүнө, түрүнө карата талаптар, Улуттук банк
Башкармасы тарабынан белгиленет. Улуттук банкка күрөөгө берилген мамле-
кеттик баалуу кагаздар үчүнчү жакка күрөөгө коюлушу же кайталап күрөөгө
коюлушу мүмкүн эмес.
III. "Овернайт" кредитин берүүнүн шарттары жана тартиби
3.1. "Овернайт" кредити кредиттөөнүн төмөнкүдөй жалпы принциптерин
сактоо менен берилет: мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк, убагында
кайтарып берүү жана камсыздалгандык.
3.2. Банк "овернайт" кредитин алуу үчүн төмөнкүдөй талаптарга жооп
бериши тийиш:
- банк операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясы-
нын болушу;
- банк убактылуу жетекчилик же консервация режиминде турбаса;
- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин бо-
лушу;
- Улуттук банк менен кол коюлган "овернайт" кредити жөнүндө Гене-
ралдык келишимдин болушу;
- Улуттук банктан мурда алынган "овернайт" кредиттери жана алар
боюнча төлөө, "овернайт" кредитин алууга билдирме берилген күндө жүзөгө
ашырылуучу пайыздар боюнча төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбо-
шу;
- Улуттук банк алдында башка кредиттер жана алар боюнча пайыздарга
тиешелүү мөөнөтү өтүп кеткен акчалай милдеттенмелердин болбошу;
- Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген же-
тиштүү күрөөлүк камсыздоонун болушу;
- банктар аралык коммуникациялык түйүнгө кошулуусу;
- ишке жөндөмдүү ЭЦК АПКнын болушу;
- "овернайт" кредитин алуу жана мамлекеттик баалуу кагаздарды кам-
га (резервге) коюуга БСС АСтеги электрондук документтерге банктын аты-
нан кол коюуга ыйгарым укуктуу Банктын жоопкерчиликтүү адамдарынын тиз-
месин Улуттук банкка берүүсү.
3.3. Улуттук банк БСС АС программалык-техникалык комплексин "овер-
найт" кредитин берүүнүн негизги ыкмасы катары колдонот.
3.4. БСС АС аркылуу "овернайт" кредитин алуу үчүн Банк
төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- иш күнү саат 9.00дон 16.30га чейин БСС АСта белгиленген форма
боюнча толтурулган "овернайт" кредитин алууга электрондук билдирмени
берүүгө;
- "овернайт" кредитин камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон мамлекет-
тик баалуу кагаздардын санын, Банктын Депозитарийдеги "депо" субэсебин-
деги камдык (күрөөлүк) эсебине БСС АС аркылуу камга коюуну жүзөгө ашы-
рууга, ЭЦК АПКны колдонуу менен электрондук документке кол коюуга.
3.5. Банк БСС АСтин ишинде техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан
учурда, "овернайт" кредитин алууга билдирмени документ түрүндө бере
алат, бул үчүн иш күнү саат 9.00дон 16.00га чейин "овернайт" кредитин
алууга белгиленген формада толтурулган (ушул Жобонун 2-тиркемеси), бан-
ктын ыйгарым укуктуу адамы кол койгон жана анын мөөрү менен күбөлөндү-
рүлгөн билдирмени, Улуттук банкка берет.
3.6. "Овернайт" кредити Банк тарабынан бир күндүк кредит боюнча
милдеттенмелери аткарылбаган учурда таризделиши мүмкүн. Улуттук банк
төлөнбөгөн бир күндүк кредитти "овернайт" кредитине Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө ченемдик-укуктук ак-
тыларына жана Банк менен бир күндүк кредит жөнүндө түзүлгөн Генералдык
келишимге ылайык, кайра тариздейт.
3.7. "Овернайт" кредити боюнча пайыздардын суммасын эсептөө бул
Жобонун 4.2-пунктунун шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
3.8. "Овернайт" кредитин берүү, Улуттук банк тарабынан берилүүчү
"овернайт" кредитинин суммасын Банктын Улуттук банктагы корреспондент-
тик эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
3.9. Ушул Жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарына ылайык, "овернайт" кре-
дитин алууга, Улуттук банкка берилген билдирменин негизинде Банк,
"овернайт" кредити боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин
тааныйт.
3.10. Банк ушул Жобонун 3.2-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе,
ал Банкка "овернайт" кредитин берүүдөн баш тартуунун негизи болуп сана-
лат. "Овернайт" кредитин берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банк
Банктын БСС АСда "овернайт" кредитин алуу үчүн билдирмесин, себептерин
көрсөтүү менен четке кагат. Банк ушул Жобонун 3.2-пунктундагы талаптар-
га ылайык келбеген шартта, "овернайт" кредитин алууга билдирмени доку-
мент түрүндө берсе, Улуттук банк кийинки иш күнүнөн кечиктирбей, баш
тарткандыгынын себебин чагылдырган кат жүзүндө билдирүүнү ага жөнөтөт.
IV. "Овернайт" кредити боюнча пайыздардын суммасын эсептөө
4.1. Банкка "овернайт" кредити боюнча чендердин өлчөмү Улуттук
банктын электрондук тоорук системасы аркылуу маалымдалат жана Улуттук
банктын web-баракчасында жарыяланат.
4.2. "Овернайт" кредитинин суммасына пайыздарды чегерүү, бул кре-
дитти иш жүзүндө пайдаланган мезгил ичинде, жөнөкөй пайыздардын форму-
ласында, жылдын 360 күндүн санына жараша, төмөнкүдөй формула боюнча
жүргүзүлөт:
Р = (С х I х Т) / 360 / 100, мында;
Р - кошуп эсептелинген пайыздар;
С - "овернайт" кредитинин суммасы (сом);
I - "овернайт" чени (жылдык %);
Т - берилүүчү кредиттин мөөнөтү (күндөр менен)(1)
4.3. Банк "овернайт" кредити пайдаланылган айкын календарлык
күндөрдүн санын эсептөөдө, аларга мыйзамдарда белгиленген же болбосо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган демалыш жана майрам
күндөрү катары жарыяланган күндөр да камтылат.
V. "Овернайт" кредитин камсыздоо
5.1. Бул Жобонун 2.4-пункттарына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
тарабынан белгиленген камсыздоонун түрү боюнча талаптарга кошумча
"овернайт" кредитин камсыздоого берилип жаткан мамлекеттик баалуу ка-
газдар, Депозитарийдеги "депо" эсебинин инвестициялык субэсебинен "де-
по" эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине которгон учурда, төмөнкүдөй
талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- менчикке укук негизинде Банкка таандык болууга тийиш;
- Банктын Депозитарийдеги "депо" эсебинин инвестициялык субэсебин-
де сакталууга жана эсепке алынууга;
- башка милдеттенмелер жүктөлбөшү керек.
5.2. Күрөөлүк камсыздоонун Улуттук банк тарабынан камсыздоого ка-
рата коюлган талаптарга ылайык келбөөсү, Банк өтүнүп жаткан бир күндүк
кредиттин суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
5.3. Улуттук банк "овернайт" кредитин Банкка берген учурдан баш-
тап, заклад түрүндөгү күрөөнүн предмети, Улуттун банктын ээлигине Банк
тарабынан өткөрүлүп берилген катары саналат.
VI. Кредиттин ордун жабуу тартиби
6.1 "Овернайт" кредитинин негизги суммасын жана ага кошуп эсепте-
линген пайыздарды төлөө, кредит берилген күндөн кийинки иш күнү, опера-
циялык күндүн акырына чейинки мөөнөттө төмөнкүчө жүзөгө ашырылат:
- эгер "овернайт" кредити БСС АС аркылуу алынса, "овернайт" креди-
тинин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө,
Банк тарабынан БСС АС аркылуу жүргүзүлөт;
- эгер "овернайт" кредити Банк тарабынан берилген "овернайт" кре-
дитин алууга кагаз жүзүндөгү Билдирменин негизинде алынса, кредиттин
негизги суммасын жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө, элект-
рондук төлөм документинин негизинде жүзөгө ашырылат.
6.2. "Овернайт" кредитин БСС АС аркылуу техникалык себептерден
улам төлөө мүмкүн болбогон учурда, Банк "овернайт" кредитин жана ага
кошуп эсептелинген пайыздарды Электрондук төлөм документинин негизинде
төлөөгө тийиш.
6.3. Орду жабылбаган бир күндүк кредиттин мөөнөтүн узартуунун на-
тыйжасында таризделген "овернайт" кредити, ушул Жобого жана "овернайт"
кредити тууралуу Генералдык келишимге ылайык төлөнөт.
6.4. "Овернайт" кредити жана ага кошуп эсептелинген пайыздар толу-
гу менен төлөнүшү керек, бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт.
6.5 Банк "Овернайт" кредити жана ага кошуп эсептелинген пайыздар
боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта,
Улуттук банк заклад түрүндө күрөө катары коюлган мамлекеттик баалуу ка-
газдарды Банктын Депозитарийдеги "депо" камдык (күрөөлүк) субэсебинен
"депо" эсебинин инвестициялык субэсебине "овернайт" кредити төлөнгөн иш
күнүнүн акырына чейин жүзөгө ашырат.
6.6. Ушул Жобонун 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө "овернайт"
кредитинин негизги суммасын жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздарды
кайтаруу боюнча Банк өз милдеттенмесин аткара албай калган шартта,
"овернайт" кредити мөөнөтү өтүп кеткен катары эсептелинет.
6.7. Эгерде "овернайт" кредитинин мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген,
төлөмдөрдү төлөө кечиктирилген болсо, Банкка берилген "овернайт" креди-
тинин суммасынан 1% өлчөмдө бир жолку айыптык төлөм кармалат.
6.8. Эгерде ушул Жобого ылайык Банкка берилген "овернайт" кредити
мөөнөтүндө төлөнбөсө, Улуттук банк төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- Банктын корреспонденттик эсебинен "овернайт" кредитинин негизги
суммасынын, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана айыптык төлөмдүн ор-
дун жабуу үчүн жетиштүү болгон өлчөмдө, кредитти төлөөнүн эсебине акча
каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алып салуу;
- "овернайт" кредитин, ага кошуп эсептелинген пайыздардын жана
айыптык төлөмдүн ордун жабууну Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мый-
замдарына ылайык күрөө предметинен өндүрүп алууну жүргүзүү.
6.9. Кредиттин негизги суммасы, ага кошуп эсептелинген пайыздар
жана айыптык төлөм боюнча Банктын мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жибе-
рилген милдеттенмелеринин ордун жабуу тартиби "овернайт" кредити туура-
луу Генералдык келишим тарабынан аныкталган.
VII. Корутунду жоболор
7.1. Бул Жобого "овернайт" кредитин берүү боюнча операцияларды
жүргүзүүнү өркүндөтүү максатында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизи-
лиши мүмкүн.
(1) Эгер "овернайт" кредити майрам күндөрү же жуманын акыркы иш
күнү берилсе, Т 1ден чоњ болот.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын "овернайт" кредити
жөнүндө" жобого
2009-жылдын 23-декабры № 49/4
№ 1 тиркеме
"Овернайт" кредити жөнүндө
ГЕНЕРАЛДЫК КЕЛИШИМ
№ ________________
Бишкек шаары "__" _________ 200__-ж.
Мындан ары "Улуттук банк" же "күрөө кармоочу" деп аталуучу Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы, ________________________, "Кыргыз Рес-
публикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамдын (жана _________ № _____
буйругунун) негизинде иш алып баруучу бир тараптан жана мындан ары
"Банк" же "күрөө берүүчү" деп аталуучу _______________________________,
Уставдын негизинде иш алып барган _______________ жак экинчи тараптан,
мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын ченемдик-укуктук актыларына (мындан ары текст боюнча - "Жобо-
го") ылайык, "овернайт" кредити жөнүндө ушул Генералдык келишимди
түзүштү (мындан ары - "Генералдык келишим"):
1. Келишим предмети
1.1. Улуттук банк тарабынан Банкка "овернайт" кредитин берүү шарт-
тарын аныктоо жана мында келип чыккан укуктук мамилелерди жана ушул
пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салуу Генералдык келишимдин
предмети болуп саналат.
2. "Овернайт" кредитин берүү, жоюу жана
мөөнөтүн узартуу шарттары
Банк ушул Жобо жана Генералдык келишимге ылайык "овернайт" креди-
тин алуу укугуна ээ.
"Овернайт" кредитин алуу, төлөө жана мөөнөтүн узартуу тартиби Жобо
жана ушу "овернайт" жөнүндө Генералдык келишим менен жөнгө салынат.
Банк "овернайт" кредитин алуу үчүн Жобонун 3.2-пунктунун талапта-
рына ылайык келүүгө жана "овернайт" кредитин алууга БСС АСтеги элект-
рондук документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жоопкерчиликтүү адам-
дардын (ушул Генералдык келишимге карата 1-тиркеме) тизмесин берүүгө
жана мамлекеттик баалуу кагаздарды камга коюуну ишке ашырууга тийиш.
"Овернайт" кредити Банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоо
максатында, улуттук валютада кредит берилген күндөн кийинки иш күнүнөн
кечиктирбестен, төлөө мөөнөтү менен катталган пайыздык ченде, заклад
түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо алдында, чейректин акыркы иш күнүнөн тыш-
кары кайсыл болбосун иш күнү берилет.
2.5. "Овернайт" кредити боюнча пайыздык чендин өлчөмү Улуттук банк
Башкармасы тарабынан белгиленип, Банкка Улуттук банктын электрондук то-
орук системалары аркылуу жеткирилет жана Улуттук банктын web-баракча-
сында жайгаштырылат.
2.6. "Овернайт" кредитин алууга Билдирмеге, Жобого жана ушул Гене-
ралдык келишимге ылайык Улуттук банк, Банктын Улуттук банктагы коррес-
понденттик эсебине акча каражаттарын өз убагында жана толук көлөмдө ко-
торууга милдеттенет.
2.7. Банк "овернайт" кредити боюнча жүргүзүлгөн операциялардын на-
тыйжалары боюнча маалыматтарды жана документтерди Жобого жана ушул Ге-
нералдык келишимге ылайык алууга укуктуу.
3. "Овернайт" кредитин камсыздоо
3.1. "Овернайт" кредитин кайтарып берүү боюнча Банктын милдеттен-
меси заклад түрүндөгү күрөө менен камсыз болот. Заклад түрүндөгү күрөө
Жободо аныкталган талаптарга жооп бериши зарыл.
3.2. Улуттук банк Банкка "овернайт" кредитин берген учурдан тар-
тып, заклад түрүндөгү күрөөнүн предмети Банк тарабынан, Улуттук банктын
ээлигине берилди деп саналат.
3.3. Күрөө кармоочу күрөө предметин камсыздандырбайт. Күрөө пред-
метин анын наркынын өлчөмүндө камсыздандырууну күрөө берүүчү өз эсеби-
нен жүзөгө ашырат.
4. "Овернайт" кредитин төлөө шарттары
4.1. "Овернайт" кредитинин негизги суммасын, ага кошуп эсептелин-
ген пайыздарды төлөө Жобонун 6.1 жана 6.2-пункттарына ылайык ишке ашы-
рылат.
4.2. Банк "Овернайт" кредитинин негизги суммасы жана ага кошуп
эсептелинген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толугу
менен аткарган шартта, Улуттук банк заклад түрүндө күрөө катары коюлган
мамлекеттик баалуу кагаздарды Банктын Депозитарийдеги "депо" камдык
(күрөөлүк) субэсебинен "депо" эсебинин инвестициялык субэсебине, "овер-
найт" кредити боюнча милдеттенменин орду жабылган иш күнүнүн акырына
чейин жүзөгө ашырат.
4.3. Банк "овернайт" кредитинин негизги суммасы жана ага кошуп
эсептелинген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин Жобонун 6.1-пунктунда
көрсөтүлгөн мөөнөттө аткара албай калган шартта, милдеттенмелерди ат-
карбай коюу башталган учурдан тартып, "овернайт" кредитинин негизги
суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана айыптык төлөмдүн ордун
жабуу үчүн зарыл болгон суммадагы каражаттарды, өзүнүн Улуттук банктагы
корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте эсептен алууга Улуттук
банкка дароо укукту чегерет. Мында, Улуттук банк Банктын андагы коррес-
понденттик эсебинен алынып салынган сумманын чегиндеги, күрөө предметин
бошотууга милдеттүү.
4.4. "Овернайт" кредитинин негизги суммасы, ага кошуп эсептелинген
пайыздар жана айыптык төлөм Банктын корреспонденттик эсебиндеги кара-
жаттар жетишсиздигинен улам төлөнбөй калган шартта, милдеттенмелерди
аткаруу мөөнөтү келип жеткен учурдан тартып, "овернайт" кредитин кам-
сыздоо катары заклад түрүндөгү күрөө предметинен акцептсиз негизде
өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен, Банк "овернайт" кредити боюнча аткарыл-
бай калган милдеттенмелеринин ордун жабууну жүзөгө ашыруу боюнча Улут-
тук банктын укугуна макул болот. Мында Улуттук банк "овернайт" кредити
боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгы жана заклад
түрүндөгү күрөөнүн предметинен өндүрүү ишке ашырыла тургандыгы тууралуу
Банкка алдын ала кат жүзүндө билдирет.
4.5. "Овернайт" кредити боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай
калган Банк, күрөөнүн предмети болуп саналган мамлекеттик баалуу кагаз-
дардын экинчилик рыногунда Улуттук банктын токтоосуз сатуусуна же алар-
дын чыгаруу шарттарына ылайык төлөнүшүнө чейин Улуттук банкта кармалып
туруусуна каршы болбойт.
4.6. Күрөө предметин сатып өткөрүүнүн эсебинен, биринчи кезекте,
Банктын "овернайт" кредитинин негизги суммасы боюнча Улуттук банктын
алдындагы карызынын орду, андан кийин ага кошуп эсептелинген пайыздар
жана айыптардын орду жабылат.
4.7. Күрөө предметин сатуунун натыйжасында алынган, Улуттук банк-
тын бардык талаптарын канааттандыргандан кийин калган пайданын суммасы
Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилет.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Банк "овернайт" кредити боюнча өз милдеттенмелерине "овер-
найт" кредитин алуу үчүн Билдирмеге, Жобого жана ушул Генералдык кели-
шимге ылайык толугу менен жоопкерчилик тартат.
5.2. Банк "Овернайт" кредити боюнча өз милдеттенмелерин убагында
аткарбаган шартта "овернайт" кредитинин суммасынан 1% өлчөмүндө бир
жолку айып төлөйт.
5.3. Улуттук банк Банк тарабынан Жобонун жана ушул Генералдык ке-
лишимдин талаптарын бузууга жол берилишинен улам ага келтирилген зыян-
дар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5.4. Тараптар "овернайт" кредитин алуу, төлөө жана пролонгациялоо
боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу алардын адамдарынын иш ара-
кеттеринин тууралыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун
сакталгандыгы үчүн Жобого жана ушул Генералдык келишимге ылайык толугу
менен жоопкерчилик тартышат.
5.5. Банк, Улуттук банк анын милдетин аткарган тастыктоочу борбор
тарабынан Банктын жоопкерчиликтүү адамына берилген жабык ачкыч жана кол
тамгалар ачкычынын сертификаттары менен иштөө учурунда коопсуздук жана
купуялуулук шарттарынын сакталышы, ошондой эле аларды сактоо жана кол-
донуу эрежелеринин сакталышы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат.
6. Маалыматтарды сактоо
6.5. Тараптар, "овернайт" кредитин алууга Банк тарабынан
жөнөтүлгөн жана алынган, бардык билдирмелердин электрондук формадагы,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда белгиленген
мөөнөттөрдүн чегинде, ЭЦКда камтылып турган (электрондук документтерди,
мындан ары - "ЭД") архивин жүргүзүүгө милдеттүү.
7. Техникалык үзгүлтүктөр
7.1. Банктын иш ордунда техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда
электрондук документтерди даярдоого мүмкүн болбосо, Банк техникалык
үзгүлтүктөр жөнүндө Улуттук банкка өз учурунда билдирүүгө жана програм-
малык камсыздоонун резервдик көчүрмөсү менен иш орунун иштөөгө
жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө тийиш.
7.2. Улуттук банктагы ЭЦК АПКда техникалык үзгүлтүктөр келип чыкса
жана анын натыйжасында электрондук документтерди иштеп чыгуу мүмкүн
болсо, Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын буйругу менен Улуттук
банк ЭЦК АПК иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилгенге чейинки мезгил-
де "овернайт" кредиттерин берүүнү токтотушу мүмкүн же кредит берүүнү
Банк тарабынан "овернайт" кредити алуу үчүн кагаз жүзүндө берилген бил-
дирменин негизинде жүргүзө алат.
8. Талаш маселелерди чечүү
8.1. Бул Генералдык келишимдин талаптарын аткаруунун негизинде ке-
лип чыккан талаш маселелер жана кайчы пикирлер, өз ара алгылыктуу че-
чимдерди иштеп чыгуу максатында Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу ме-
нен жөнгө салынат.
8.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында жана анын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген
тартипте чечилиши зарыл.
9. Башка шарттар
9.1. Бул Генералдык келишимге Тараптардын биргелешкен макулдугу
боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9.2. Бул Генералдык келишимге карата бардык өзгөртүүлөр, толуктоо-
лор жана сунуштар жазуу түрүндө түзүлүп, ага эки тарап кол койгон учур-
да анык болуп саналат.
9.3. Бул Генералдык келишим орус тилинде Тараптардын ар бирине
бирден, 2 (эки) нускада түзүлгөн, эки нускасы тењ бирдей юридикалык
күчкө ээ.
9.4. Генералдык келишимге карата 1-тиркемеси анын ажырагыс бөлүгү
болуп саналат.
10. Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү
жана аны токтотуу тартиби
10.1. Бул Генералдык келишим эки Тарап тењ кол койгондон кийин кү-
чүнө кирет жана бир жыл ичинде колдонууда болот. Генералдык келишимдин
ишинин токтошу Банктын ага чейин алынган "овернайт" кредиттерин кайта-
руу жана ушул Генералдык келишимде каралган заклад түрүндө күрөөгө коюу
шарттары боюнча милдеттенмелерин токтотпойт. Ушул Генералдык келишим
колдонууга берилгенден тартып, Тараптар тарабынан "__" ___________
_____ жылы түзүлгөн № _______ Генералдык келишим деп эсептелинет.
10.2. Эгерде Тараптардын бири ушул Генералдык келишимдин аракет-
тенүү мөөнөтү бүткөнгө чейин бир календарлык ай ичинде, кат жүзүндө аны
токтотуу жөнүндө өз ниетин билдирбесе, Генералдык келишим ар бир кийин-
ки календарлык жылга узартылган деп эсептелет.
10.3. Улуттук банк Банктын алдын ала Банкка билдирүүсүз эле бир
тараптуу негизде, төмөнкү учурларда бул Генералдык келишимди токтотуу
укугуна ээ:
- Банк тарабынан тиешелүү жобонун жана бул Генералдык келишимдин
шарттарын бузууга жол берилсе;
- банктын Улуттук банк тарабынан банк операцияларын жүргүзүү уку-
гуна берилген лицензиясын жокко чыгарса;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык юридика-
лык жак катары күрөөгө коюучу Банктын ишин токтотуу;
- күрөөгө коюучу Банктын банкроттугу жөнүндө билдирүү;
- ушул Генералдык келишимдин 2.3-пунктунун шарттары Банк тарабынан
сакталбаса.
11. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери
"Улуттук банк" "Банк"
__________________________ __________________________
(Почтолук индекси, дареги) (Почтолук индекси, дареги)
__________________________ __________________________
(кызматы) (кызматы)
__________________________ __________________________
(Ф.А.Ж.) (Ф.А.Ж.)
МО МО
"Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын "овернайт" кредити
жөнүндө" жобого
2009-жылдын 23-декабры № 49/4
№ 2 тиркеме
"Овернайт" кредитин алууга 2003-жылдын "__" _________
№ ____ билдирме
Банк - карыз алуучу
__________________________________________________________________
(банк - карыз алуучунун аталышы)
1 ____________________________________________________________ сом
(сумма цифра менен жана кашаанын ичинде жазуу түрүндө)
Суммасындагы "овернайт" кредитин берүүњүздү өтүнөм.
"овернайт" кредити боюнча чен: _____% жылдык
Берилген күнү:
Жоюлган күнү:
2. "Овернайт" кредити боюнча пайыздардын суммасы
__________________________________________________________________ сом.
(сумма цифра жана жазуу түрүндө)
1. Кредитти камсыздоосу катары мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү
__________________ сом суммасында күрөөгө берилет, анын ичинде:
| № | МБК түрү | Эмиссия | Жоюлган | Саны (даана) | Аталма боюнча |
| күнү | сумма (сом) | ||||
| 1 | |||||
| 2 | |||||
| 3 | |||||
| 4 | |||||
| Бардыгы: |
4. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражат
жетишсиз болгон учурда, Банк Улуттук банкка заклад менен камсыз кылын-
ган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келээр менен акцептсиз тартипте,
бул өтүнмөнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн закладдын предметине өндүрүү уку-
гун берет.
(Банк - карыз алуучунун аталышы)
(кызматы) _______________________________
(колу)
МО
"__" _________ 200__-ж. № ____
"овернайт" кредитин алуу үчүн
Генералдык келишимге
№ 1 тиркеме
"овернайт" кредитин электрондук формада алуу үчүн
банктын билдирмесине кол коюуга укугу бар
банктын жооптуу адамдарынын
ТИЗМЕСИ
"__" _______ 200__-ж. Бишкек шаары
Ушул аркылуу _______________________________________________ банк,
(банктын аталышы)
__________________________________________________________ негизинде иш
алып баруучу ___________________________________________________ атынан
(кызматы, Ф.А.Ж.)
Банктын "овернайт" кредитин электрондук формада алууга билдирмеси-
не, электрондук цифралык кол тамга коюуга төмөнкү адамдарга ыйгарым
укуктарды чегерет:
| Банктын аталышы | ||||
| № | Банк | Банктын | Банктын жооптуу | Банктын жооптуу |
| бөлүмдөрү | жооптуу | адамдарынын | адамдарынын | |
| адамдарынын | электрондук | кызматтык | ||
| Аты-жөнү | почтасынын | телефону | ||
| дареги | ||||
| 1 | ||||
| 2 | ||||
| 3 |
2. Кандайдыр бир өзгөртүүлөр жүргөн шартта, Банк бир күндүк кре-
дитти электрондук формада алууга билдирмеге кол коюуга укугу бар жооп-
керчиликтүү адамдарынын жањыртылган тизмесин Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкына дароо берет.
3. Бир күндүк кредитти электрондук формада алуу үчүн банктын бил-
дирмесине кол коюуга укуктуу банктын жооптуу адамдарынын ыйгарым укук-
тары, бир күндүк кредитти электрондук формада алуу үчүн банктын билдир-
месине кол коюуга укугу бар банктын жооптуу адамдарынын жањы тизмесин
берүү аркылуу алмаштырган учурда тастыкталат.
Кызматы
Аты-жөнү Колу МО
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабры № 49/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуПостановление · 23.12.2008 · № 49/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу…Постановление · 28.03.2013 · № 10/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Положение " о кредите "овернайт" Национального банка Кыргызской Республики" (Постановление Правления Национального банка КР от 24 декабря 2004 года № 34/4)Положение · 24.12.2004 · № 34/4 · Күчүн жоготкон