Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
3-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 19-09
Бишкек шаары
2008-жылдын 23-декабры № 49/4
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт"
кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
жөнүндө" Мыйзамынын 5 жана 28-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Акча кредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен
бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып
күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчтөрүн
жоготту деп таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 24-декабрында ка-
был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын
1-февралында 10-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/4 "Кыргыз Рес-
публикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жобонун долбоору тууралуу" токтом;
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-июлунда кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 8-ав-
густунда 100-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 24/2 "Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жобого
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом.
6. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен рес-
публиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу…Постановление · 28.03.2013 · № 10/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы № 49/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө…Положение · 23.12.2008 · № 49/4 · Күчүн жоготкон
- Положение " о кредите "овернайт" Национального банка Кыргызской Республики" (Постановление Правления Национального банка КР от 24 декабря 2004 года № 34/4)Положение · 24.12.2004 · № 34/4 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 24 декабря 2004 года № 34/4 " О проекте Положения "О кредите "овернайт" Национального банка Кыргызской…Постановление · 24.12.2004 · № 34/4 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Положение "О кредите "овернайт" Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 27.06.2005 · № 24/2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Положение " о кредите "овернайт" Национального банка Кыргызской Республики" (Постановление Правления Национального банка КР от 24 декабря 2004 года № 34/4)Положение · 24.12.2004 · № 34/4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон