Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 11-марты № 16/1 Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомунун редакциясына ылайык) Банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү ишин бекемдөө, ошондой эле коомдун коммерциялык банктарга карата ишенимин арттыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын 31 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыдан ачылып жаткан жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (банк-резидент эместердин филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) 2017-жылдын 1-июлунан тартып кеминде 600 млн сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (банк-резидент эместердин филиалдарын кошо алганда) төмөнкүдөй уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо мөөнөттөрү белгиленсин:
2015-жылдын 1-июлуна чейин - 300 млн.сом; 2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн.сом; 2017-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн.сом.
3. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 600 млн. сомго жетпеген иштеп жаткан коммерциялык банктар (банк-резидент эместердин филиалдарын кошо алганда) акционерлер менен биргеликте ушул токтомдун 2-пунктунун талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү программаны иштеп чыгып, 2015-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Улуттук банктын кароосуна сунушташсын.
3-1. Жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан коммерциялык банттар үчүн капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (банк-резидент эместердин филиалдарынын өздүк каражаттарына карата талаптарды кошо алганда) 2016-жылдын 1-июлунан тартып иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн аз болбогон көлөмдө белгиленсин. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 1999-жылдын 20-сентябрындагы №61/1 “Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө”;
- 2008-жылдын 13-февралындагы №6/3 “Жаңы ачылган банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жөнүндө” токтом 2017-жылдын 2-июлунан тартып.
5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д. Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 24.06.2015 · № 35/5
- КР Утуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 13-февралындагы № 6/3 "Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө " токтомуПостановление · 13.02.2008 · № 6/3 · Күчүн жоготкон
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- КР Утуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 13-февралындагы № 6/3 "Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө " токтомуПостановление · 13.02.2008 · № 6/3 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.