13-статья. Мамлекеттик инновациялык-инвестициялык комплекстер
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · VI Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 65.
Мамлекеттик инновациялык-инвестициялык комплекстер (мындан ары комплекстер) инновациялык-инвестициялык толук циклди ишке ашыруучу мамлекеттик мекемелер болуп саналышат жана иштеп жаткан көп профилдүү жогорку окуу жайларынын, илимий, долбоорлоо уюмдарынын базасында алардын ресурстарын инновациялык-инвестициялык структуралардын өнүгүшү үчүн максималдуу пайдалануу менен түзүлөт. Комплекстер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Вице-премьер-министр, жетекчи жана республиканын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте калыптандырылат. Комплекстердин иши калктын экономикалык жана социалдык жыргалчылыгын көтөрүүнү түздөн-түз шарттоочу акыркы натыйжага эсептелген инновациялык-инвестициялык толук циклде атаандаштыкка жөндөмдүү ишке ашырууга багытталган (инвестициялоо; маркетинг; негиздөө; иштеп чыгуучулардын убактылуу жамаатын түзүү; топтолгон жана сынактан өткөн билимдерди, технологияларды, жабдууларды пайдалануу менен долбоорду түзүү; жабдууларды толук алып келүү; иштетүү-жөндөө; толук даяр кылып бүткөрүү; сертификаттоо, сервистик коштоо). Тармактын ишин координациялоо үчүн ар бир комплекстин өзүнүн курамында башкарманын өкүлчүлүгү болот. Башкарманын өкүлчүлүктөрү юридикалык тарап болуп саналышпайт, алар иши жетекчинин жана комплекстин башкы директорунун бирдиктүү буйруктары менен аныкталуучу кош башкаруудагы бөлүктөр болуп саналышат. Комплекстин башкы директор башында турган борбордук бөлүгү көбүнчө региондогу башкы техникалык университеттин (мындан ары - университет) же инновациялык жана илимий иштин негизги ыкмаларына ээ жетишерлик сандагы жогорку квалификациялуу кадрлары, адистери жана илимпоздору, ошондой эле региондо инновациялык-инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жетишерлик санда имараты жана инфраструктурасы бар башка көп профилдүү мамлекеттик ири уюмдун базасында (инфраструктурасында) уюштурулат. Комплекс башкарманын алдындагы сертификаттоо органы тарабынан берилүүчү сертификат алат. Комплекс тууралу жобо жетекчи тарабынан иштелип чыгып, кеңеш менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Комплекс жетекчинин жана кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлөт.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/291/st-13" title="13-статья - Инновациялык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>