Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · VI Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 65.
Жетекчи. Башкаруу. Программа. Инновация боюнча мамлекеттик кеңеш Кыргыз Республикасында инновациялык-инвестициялык ишти башкаруу жана координациялоодо жогорку орган болуп эсептелет. Кеңештин жетекчисин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кеңештин сунушу боюнча дайындайт. Инновация боюнча тармактык инфраструктураларды негизги тармактык министрликтер башкарат жана координациялайт. Тармактык инновациялык инфраструктуралар илим-изилдөөгө жана иштерди жайылтууга байланышкан илим-изилдөө институттары, тажрыйба-селекциялык станциялары, мамлекеттик асыл тукум заводдору жана башка ишканалардын базасында тармактык министрликтер тарабынан уюштурулат жана башкарылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жетекчи аркылуу туруктуу негизде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- улуттук инновациялык доктринаны иштеп чыгууну жана жөндөөнү;
- инновациялык жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган региондор аралык жана тармак аралык иштерди колдоону;
- республиканын экономикасынын бардык секторлорунда инновациялык жана инвестициялык ишти колдоону;
- тармактын ишин республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана региондордун колдоосун;
- тармактын республиканын бардык региондорунда өнүгүшүн;
- тармакты өркүндөтүү боюнча максаттуу өкмөттүк иш-чараларды;
- республиканын калкынын калың катмарына тармактын ишинин натыйжаларын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтууну жана пропагандалоону;
- ар бир эки жылда тармактын ишинин натыйжалары тууралу доклад даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылгандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберүүнү.
Тармактын башкаруу органы (мындан ары - башкарма) - мамлекеттик мекеме болуп саналат. Башкарма жөнүндөгү жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Мамлекеттик инновациялык программаны (мындан ары - программа) республиканын Өкмөтү түзөт. Программанын мамлекеттик заказчысы болуп башкарма дайындалат. Мамлекеттик инновациялык программаларды ишке ашыруучуларды тандоону тармактын башкармасы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик инновациялык-инвестициялык комплекстердин жамааттарынын сунуштарын конкурстук негизде карап чыгуу менен жүргүзөт. Тармактын жетекчиси мамлекеттик программалардын аткарылышын, аларды аткарууда келип чыккан проблемаларды анализдөөнү жана укуктук-ченемдик актыларды, мамлекеттик саясатты жана улуттук инновациялык доктринаны жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну көзөмөлдөйт.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2012 · № 790 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2012 · № 790 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/291/st-12" title="12-статья - Инновациялык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>