14-статья. Инновациялык бөлүмдөр
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · VI Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 65.
Инновациялык бөлүмдөр (мындан ары - бөлүмдөр) комплекстер тарабынан өлкөнүн региондорунун экономикасы үчүн чоң мааниге ээ бардык уюмдарда, ишканаларда уюштурулат. Бөлүмдөр тийиштүү ишканалардын, уюмдардын ресурстарын максималдуу пайдалануу менен түзүлөт жана комплекстин региондордогу экономиканын бардык секторлору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. Ар бир регион үчүн уюмдардын, ишканалардын тизмесин тийиштүү комплекстин башкы директору жергиликтүү мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары менен макулдашып аныктайт жана жөнгө салат. Бөлүмдөрдү түзгөн уюмдар, ишканалар тармактын маалымат кызматынан акысыз пайдаланышат. Инновациялык бөлүмдөр кош башкаруудагы бөлүктөр болуп саналышат жана аларды каржылоо тийиштүү ишкананын (уюмдун) жана комплекстин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Бөлүмдөр юридикалык жак болуп саналбайт. Алардын иши ишканалардын (уюмдардын) жетекчилеринин жана комплекстердин башкы директорлорунун биргелешкен буйруктары менен аныкталат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/291/st-14" title="14-статья - Инновациялык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>