16-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 23.04.2026 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2026 года № 19
Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөчүлөр:
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар лицензиялоодон жана аккредитациядан өткөндөн кийин медициналык, алдын алуу жана фармацевтик кызмат көрсөтүүгө;
- жарандык мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандарга медициналык, ден соолукту чыңдоочу, реабилитациялык, алдын алуучу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөргө медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүүгө;
- камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын тизмегин Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык жарандарга көрүнүктүү жерде жайгаштырууга;
- медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү.
- өз укуктарын сот аркылуу коргоого укуктуу.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөр:
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасын аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык жактан тейлөөгө;
- медициналык милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү.
(КР 2003-жылдын 21-апрелиндеги № 85, 2003-жылдын 15-июлундагы № 149, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 20 февраля 2026 года № 19 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 августа 2020 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере здравоохранения и медицинского страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2003 года № 149 «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республики»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 апреля 2003 года №85 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 "Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз…Постановление · 30.05.2025 · № 299
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 306 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды…Постановление · 29.04.2026 · № 306
- КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-жылдагы №299 токтомуПостановление · 30.05.2025 · № КМ №299
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/275/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>