Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 15-июлу № 149
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
1-статья. "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 2, 103-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьянын экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" - камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча медициналык, алдын алуу жана башка тейлөөнү алганда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;".
2. 7-статьянын экинчи бөлүгүндө "негизги программасы"деген сөздөрдөн кийин "бирдиктүү төлөөчү тутумунда медицина-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасында жарандарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде" деген сөздөр менен толукталсын".
3. 8-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- аскер кызматчысы жана аларга теңештирилген адамдар;"; жетинчи-он биринчи абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша сегизинчи-он экинчи абзацтар делип эсептелсин.
4. 9-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Калкты жумуш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына эң аз эмгек акынын 1,5 өлчөмүндө төлөнөт. Пенсионерлер үчүн, анын ичинде аскер пенсионерлерине, милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына эң аз эмгек акынын 1,5 өлчөмүндө төлөнөт."; үчүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардан төлөйт" деген сөздөр "республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына эң аз эмгек акынын 1,5 өлчөмүндө төлөнөт." деген сөздөр менен алмаштырылсын"; статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөр менен толукталсын: "Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, офицерлер, прапорщиктер, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, аял-аскер кызматчылары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына эң аз эмгек акынын 1,5 өлчөмүндө төлөнөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык-камсыздандыруу төлөмдөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөгөнгө укуктуу.". сегизинчи бөлүктөгү "жетинчи" деген сөз "сегизинчи" деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү-жетинчи бөлүк тиешелүүлүгүнө жараша төртүнчү-сегизинчи бөлүктөр деп эсептелсин; сегизинчи бөлүк он биринчи бөлүк деп эсептелсин.
5. 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар лицензиялоодон жана аккредитациядан өткөндөн кийин медициналык, алдын алуу жана фармацевтик кызмат көрсөтүүгө;".
6. 17-статьяда:
биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу төгүмдөрүн (төлөмдөрүн) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өзүнчө алыш-бериш эсебинде чогултат, ал жерде топтолгондон кийин милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун каржылоого жумшалат."; экинчи бөлүгүндөгү "үч айдын" деген сөз "бир жыл" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 19-статьяда "милдеттүү камсыздандыруу фондусу" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 27-статьянын бешинчи абзацы "саламаттыкты" деген сөздөн кийин "сактоону өнүктүрүүгө, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишин илимий негизде оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 31-статьяда:
"медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 4-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарынын жоболору 2004-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
2003-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алыыган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Доклад по выполнению Конвнции о правах ребенка в Кыргызской Республике (Постановление Правительства КР от 23 апреля 2002 года №244)Доклад · 23.04.2002 · № 244
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Индикативный социально-экономический план на 1996-1998 годы ( Утвержден Указом Президента Кыргызской Республики от 15 июня 1996 года N УП-204)План · 15.06.1996 · № 204
- Постановление Правительства КР от 13 мая 1998 года №270 "Об утверждении Мероприятий по выполнению задач, поставленных Президентом Кыргызской Республики 13 апреля 1998 года на…Постановление · 13.05.1998 · № 270
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 октября 1997 года №592 "О ходе выполнения Плана законопроектных работ Правительства Кыргызской Республики на 1997 год и проводимой…Постановление · 15.10.1997 · № 592 · Күчүн жоготкон
- ПРОГРАММА по социальной защите населения Кыргызской Республики на 1995-1996 годы (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 29 мая 1995 года №199)Программа · 29.05.1995 · № 199 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 января 1996 года №38 "О проведении в Иссык-Кульской области эксперимента по отработке механизма медицинского страхования граждан"Постановление · 26.01.1996 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 мая 1996 года №206 "О проектах стратегии экономического развития Кыргызской Республики на период до 2005 года и индикативного…Постановление · 10.05.1996 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 ноября 1995 года №465 "О прогнозе экономического и социального развития Кыргызской Республики на 1996 год"Постановление · 06.11.1995 · № 465 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 апреля 1998 года №200 "О результатах третьего заседания рабочей группы ВТО, двусторонних переговоров со странами-членами ВТО и мерах по…Постановление · 18.04.1998 · № 200 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон