Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-статья. Фонддун Байкоо кеңеши
Күчүндө · 02.04.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 апреля 2016 года № 51
Фонддун Байкоо кеңеши фонддун ишине, анын башкаруу органдары тарабынан чечимдердин кабыл алынышына жана алардын аткарылышынын камсыз кылынышына, фонддун каражаттарынын пайдаланылышына, фонд тарабынан мыйзамдардын жана уставдын сакталышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. Фонддун Байкоо кеңеши өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат. Фонддун Байкоо кеңешин түзүүнүн жана анын ишинин тартиби аны уюштуруучулар тарабынан бекитилген фонддун уставы менен аныкталат. Фонддун Байкоо кеңеши фонддун ишине ички көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымы отурумга катышса, фонддун Байкоо кеңешинин отурумунун кворуму болот. Фонддун Байкоо кеңешинин компетенциясына:
- фонддун ишине жана фонддун иши менен саясатынын багыттарын аныктоого көзөмөлдүк кылуу;
- уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
- фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу;
- фонддун Башкармасынын наркы устав тарабынан аныкталгандан жогорку бүтүмдөрдү түзүү, ошондой эле устав тарабынан аныкталган мүлктүн айрым түрлөрү менен бүтүмдөр жөнүндө чечимдерин бекитүү;
- кызыкчылыктардын чыр-чатагы божомолдонгон бүтүмдөрдү бекитүү;
- фонддун Башкармасы тарабынан даярдалган фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;
- фоңддун Башкармасынын коммерциялык ишкерчиликке катышуу же аларга катышууну токтотуу жөнүндө чечимдерин бекитүү;
- уставга ылайык башка маселелерди чечүү кирет.
Фонддун Байкоо кеңешинин ушул статьяда саналып өткөн компетенциясынын маселелерин кошуп алганда, фонддун ишинин ар кандай маселелерин чечүү устав тарабынан фондду уюштуруучулардын компетенциясына таандык кылынышы мүмкүн. Эгерде устав тарабынан башкача белгиленбесе, уюштуруучу (бир пикирде болгондо уюштуруучулар) фонддун Байкоо кеңешинин ар кандай чечимине вето коюуга укуктуу. Эгерде аны бекитүү зарылдыгынан келип чыккан бүтүмдү түзүүнү кармап коюунун натыйжасында фондго олуттуу зыян келтирилсе, ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтарында саналып өткөн бүтүмдөрдүн фонддун Байкоо кеңеши тарабынан алдын ала бекитилиши талап кылынбайт. (7-бөлүк КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Фонддун Байкоо кеңеши фонддун бардык документтерин текшерүүгө жана аудитордук текшерүү жүргүзүүгө, фонддун мүлкүнүн бар экендигин жана ишинин ушул Мыйзам менен уставга ылайык келерлигин текшерүүгө укуктуу. Байкоо кеңешинин ар бир мүчөсү фонддун Башкармасынан фонддун иши боюнча маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынан фонддун иши жөнүндө ар кандай маалыматты, анын ичинде иш жөнүндө отчетту жана баланстык отчетту берүүнү талап кылууга укуктуу. Фонддун Байкоо кеңеши фондго талаштарда жана фонддун Башкармасынын мүчөлөрү менен фонддун бүтүмдөрүндө фонддо өкүл болууга тийиш. Фонддун Байкоо кеңеши ушул Мыйзам жана фонддун уставы тарабынан белгиленген башка укуктарга ээ. (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 апреля 2016 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О некоммерческих организациях"Редакцияларды салыштыруу
23.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Байкоо кеңеши тарабынан алдын ала бекитилиши талап кылынбайт.
алынып салынды: Фондду жоюу жөнүндө чечим кызыккан юридикалык жана жеке жактардын арызы боюнча сот тарабынан кабыл алынат.
кошулду: (7-бөлүк КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Фонддун Байкоо кеңеши фонддун бардык документтерин текшерүүгө жана … Мыйзам жана фонддун уставы тарабынан белгиленген башка укуктарга ээ.
кошулду: (КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 23.04.2016 · № 51
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/274/st-28" title="28-статья - Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>