27-статья. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо, аларды алмаштыруу жана чакыртып алуу
Күчүндө · 02.04.2024 редакциясы
Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү фонддун Байкоо кеңешинин чечими менен дайындалат. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр, аларды дайындоо жана чакыртып алуу устав тарабынан каралган тартипте фонддун Байкоо кеңешинин чечими боюнча жүргүзүлөт. Эгерде мындай устав же фонддун Байкоо кеңешинин уставы тарабынан каралбаса, фонддун Башкармасынын мүчөлөрү өз милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп бере албайт. Фонддун Башкармасынын мүчөсү өз милдеттерин туруктуу же узак мезгил (алты айдан ашык) аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда фонддун Байкоо кеңеши уставга ылайык фонддун Башкармасынын жаңы мүчөсүн убактылуу дайындашы мүмкүн. Фонддун Башкармасынын убактылуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары фонддун Башкармасынын алгачкы мүчөсүнүн өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү пайда болгон убакытка чейин же фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынын туруктуу мүчөсүн дайындаган убакытка чейин улантылат. Эгерде устав башкача карабаса, фонддун Байкоо кеңеши фонддун Башкармасынын мүчөсүн себебине карабастан ар кандай убакта чакыртып алышы мүмкүн.
Берененин тексти 02.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/274/st-27" title="27-статья - Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>