Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 23-апрели № 51 "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьядагы ", башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бөлөк укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасы тааныган жана ратификациялаган эл аралык актылар жана келишимдер" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 9-статьядагы "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 11-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 16-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары менен каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.";
5) 20-статьянын 1-бөлүгүндө "ал эми коомдук бирикмеде 100дөн көп мүчөсү болгондо - 25тен кем эмес мүчөсү катышса," деген сөздөр алып салынсын;
6) 28-статьянын 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 29-статьянын 2-бөлүгүндө экинчи сүйлөм алып салынсын;
8) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 291-статья менен толукталсын:
"291-статья. Жалгыз уюштуруучусу бар фонддун түзүмү Жалгыз уюштуруучу тарабынан түзүлгөн фонддун түзүмү жана фондду башкаруунун тартиби фонддун уставы менен аныкталышы мүмкүн.";
9) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
Шилтеме берет (2)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- О государственной регистрации юридических лицЗакон · 12.07.1996 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15