Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин « Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-»Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Ошского городского кенеша от 27 сентября 2022 года №74 "Об изменении тарифов платежей за питьевую воду и канализацию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-27.
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 74 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кезектеги IV сессиясы (III чакырылышы)
2012-жылдын 17-августу №21
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош шаардык суу чарба муниципалдык ишканасынын 2011-жылдын 14-ноябрындагы № 455 «Ичүүчү сууга, саркынды сууларды кабыл алуудан жана агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү менен макулдашылган катын карап жана талкуулап, өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 6-токтомунун негизинде жана депутаттарды сурамжылоо жолу менен ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип,1-пункттун 1-подпункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун;
- ичүүчү сууну берүү, калк үчүн - 1мЗ - 5 сом 31тн.
Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуу үчүн төлөмдөрдөрдү кабыл алуу 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап жаны тариф боюнча жүргүзүлсүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ош шаардык кеңешинин кезектеги 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 74 "Ош шаарында калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрүнүн бааларын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2022 · № 74
- Ош шаардык кенешинин 2011-жылынын 25-апрелинин №233 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №95 - “Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан…Постановление · 25.04.2011 · № 233