Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин кезектеги «Ош шаарында калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрүнүн бааларын өзгөртүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-сентябры № 74 Ош шаарында калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрүнүн бааларын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 9-августундагы №4-“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларына (тарифтерине) макулдук берүү жөнүндө” буйругунун негизинде Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, шаардык Кеңештин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-сентябрындагы №9 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрүнүн баалары ичүүчү сууга 1м3 үчүн 6 сом 88 тыйын, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоого 4 сом 20 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
2. Калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрү 2023-жылдын 1-январынан баштап жаңы баа боюнча жүргүзүлсүн.
3.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №21-“Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндө”, Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №100-“Ош шаарында калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларга алынуучу төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №21 " Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды…Постановление · 17.08.2012 · № 21 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219