Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №95 - “Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (II чакырылышы)
2011-жылдын 25-апрели №233 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №95 - “Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 12-апрелиндеги №163-08-6 - «Ичүүчү сууга, саркынды сууларды кабыл алуудан жана агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин Ош шаардык суу чарба муниципалдык ишканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү менен макулдашылган катын жана аталган Агенттиктин Ош шаардык бөлүмүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги №24-буйругун карап жана талкуулап, өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын №2-токтомунун негизинде жана депутаттарды сурамжылоо жолу менен ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №95-“Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 1-пункттун 1-подпункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун;
- ичүүчү сууну берүү, калк үчүн - 1м3 -3 сом 70тн;
экинчи подпункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
- ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн бюджеттик уюмдарга- 1м3 - 5 сом 31тн.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Ош шаардык кеңеши 2016-жылдын 10-февралындагы № 319 "Ош шаарында бюджеттик мекемелер жана ѳнѳр-жай ишканалары γчγн ичγγчγ сууга жана саркынды сууну агызууга тѳлѳнγγчγ тѳлѳмдѳрдγн…Постановление · 10.02.2016 · № 319
- Ош шаардык кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 95 "2007-жылдын 15-майындагы № 226 депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXIV сессиясында кабыл алынган "Ичилүүчү сууга…Постановление · 07.04.2009 · № 95
- Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №21 " Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 233-"Ичүүчү сууга, кабыл алуу жана саркынды сууларды…Постановление · 17.08.2012 · № 21 · Күчүн жоготкон