23-статья. Пайдалануучунун маалыматка жетүү укугун коргоо
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
1. Ачык маалыматка жетүүдөн баш тартууга же пайдалануучуларга билип туруп жалган маалыматтарды берүүгө сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Маалыматка жетүүдөн баш тартылган адамдар жана жалган маалыматтарды алган адамдар бардык учурларда аларга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга укуктуу.
2. Маалыматтык ресурстарды сатып алуу - сатуу, жөнөтүү келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбагандык же тиешелүү түрдө аткарбагандык үчүн тараптар жарандык мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Сот пайдалануучуларга маалыматты берүүдөн негизсиз баш тарткан учурларда же келишимдер боюнча пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттенмелерин башка бузуулардын натыйжасында маалыматка жетүүгө чек коюлган категорияга негизсиз таандык кылуу жөнүндө талаштарды, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду карайт.
4. Мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын маалыматка жетүүгө мыйзамсыз чек коюуга жана маалыматты коргоонун режимин бузууга күнөөлүү жетекчилери, башка кызматчылары жазык, жарандык мыйзамдарга жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-23" title="23-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>