Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-статья. Маалыматтык ресурстарга, технологияларга жана тутумдарга автордук укуктарды жана менчик укугун коргоо
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2011 года № 79
1. Маалыматтык ресурстардын автору, маалыматтык ресурстардын, технологиялардын, тутумдардын менчик ээлери жана башка укукка ээ болгондор алардын укуктарын бузуучулардан:
- укуктарды таанууну;
- укук бузулганга чейин колдонууда болгон абалды калыбына келтирүүге жана укукту бузуучу же аларды бузууга коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну;
- бузуучу тарабынан алынган кирешелерди кошуп алганда зыяндын ордун толтурууну;
- зыяндардын ордун толтуруунун ордуна - колдонуудагы мыйзамдарга ылайык соттун кароосу боюнча аныкталуучу суммадагы компенсацияны төлөп берүүнү;
- мыйзамдар тарабынан каралган башка чараларды кабыл алууну талап кылууга укуктуу.
2. Укукка ээ болгондор өз укугун коргоо үчүн сотко сотко кайрылууга укуктуу.
3. Сот тартибинде:
- автордук (авторлоштук) жөнүндө;
- маалыматтык ресурстарга менчик жөнүндө;
- жарыкка чыгарууга, өзүндөй кылып чыгарууга жана таркатууга автордук укуктардын бузулушу жөнүндө;
- маалыматтык ресурстарга, технологияларга, тутумдарга менчик укугунун бузулушу жөнүндө;
- укуктарды бузуудан алынган кирешелерди кошуп алганда зыяндарды калыбына келтирүү, моралдык жана материалдык зыянды компенсациялоо жөнүндө;
- укукка ээлик кылуучулардын катышуусу менен башка мүлктүк жана мүлктүк эмес талаштар каралат.
4. Сот аларды кароодо даярдоо же жайылтуу автордук укуктарды же менчик укугун бузууга алып келген фактыга каршы нускаларга, маалыматтык ресурстарга тыюу салуу жөнүндө, аларды конфискациялоо жөнүндө жана аларды жок кылуу жөнүндө, болбосо аларды укукка ээлик кылуучуларга же мамлекетке өткөрүп берүү жөыүндө чечим чыгарышы мүмкүн.
(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-22" title="22-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>