Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-статья. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2016 года № 130
1. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.
2. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик башкарууну жана жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутуму аркылуу өз ыйгарым укуктарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутумуна төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган;
- транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аларга баш ийген ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөр;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзө алат.
4. Электрондук башкаруу, маалыматтык жана интерактивдүү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоочу жана мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, мамлекеттик маалыматтык тутумдун ишке киришин жана иштөөсүн координациялоочу бирдиктүү орган болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-24" title="24-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>