21-статья. Маалыматтык процесстер жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү субъекттердин укуктарын коргоо
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2011 года № 79
1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар, ошондой эле жарандар маалыматтык тутумдарды, технологияларды, аларды камсыз кылуу каражаттарын иштеп чыгууда жана өндүрүүдө, ошондой эле маалыматтык продукцияларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иште тең укуктуу.
2. Маалыматтык процесстерди түзүү жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө субъекттердин укуктарын коргоо укук бузуулардын алдын алуу, укукка сыйбаган аракеттерге бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Субъекттердин укуктарын коргоо укук бузуулардын жана келтирилген зыяндын өзгөчөлүгүн эске алуу менен сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Документтештирилген маалымат менен иштөөдөгү укук бузуу үчүн мамлекеттик бийлик органдары, уюмдар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Маалыматтык ресурстарды калыптандыруу жана пайдалануу жагынан эл аралык ченемдерди жана эрежелерди, маалыматтык тутумдарды түзүүнүн жана пайдалануунун, автордук укукту коргоо боюнча эл аралык конвенциялардын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин эске алуу менен алар тарабынан чет өлкөлүк өнөктөр менен түзүлгөн келишимдерге ылайык мамлекеттик бийлик органдарына, уюмдарга жана жарандарга жүктөлөт.
(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-21" title="21-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>