22-статья. Мамлекеттик пособиелерди төлөөнү токтотуу жана алардын өлчөмүн кайра кароо шарттары
Күчүн жоготкон · 25.04.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 апреля 2008 года № 70
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиени жана ай сайын берилүүчү социалдык пособиени төлөө төмөнкүдөй учурларда:
а) үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө;
б) бала он алты жашка, жалпы билим берүүчү мектептин окуучулары окуусун бүтүргөндө;
в) окуусун бүтүргөндө бирок жыйырма үч жаш курагынан ашпаган баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттери;
г) (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
д) майыптык мөөнөтү бүткөндө;
е) туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен сырткары чыгып кеткенде;
ж) мамлекеттик пособие төлөнүүчү адам каза болгондо;
з) талап кылынган документтер өз убагында берилбеген учурда;
и) үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө токтотулат же алардын өлчөмү кайра каралат;
к) бала он сегиз айга толгонго чейин.
Мамлекеттик пособиени төлөөнүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча документтер талап кылынган учурларда алар бир айдын ичинде берилүүгө тийиш. Мамлекеттик пособиени төлөөнү токтотуу же анын өлчөмүн кайрадан карап чыгуу шарттары келип чыкканда, мамлекеттик пособиени төлөө токтотулат же өзгөрүү болуп өткөн айдан кийинки айдан баштап жаңы өлчөмдө төлөө жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик пособиеге укуктуулугу жөнүндө атайылап жалган маалымат берген же негизсиз пособие дайындоого алып келүүчү жагдайлардын келип чыккандыгы тууралу өз убагында билдирбеген адамга, мындай факт билинген учурдан тартып мамлекеттин пособие төлөө токтотулат. Мында мамлекеттик пособиени жаңыдан дайындоо жөнүндө арыз он эки айдын ичинде кабыл алынбайт. Бийик тоолуу шартта жашаган жана бийик тоолуу жана алыскы аймактардын Тизмесине кирбеген аймактарга туруктуу жашоо үчүн көчүп барган кары-картаң жарандарга жана баатыр энелерге ай сайынкы социалдык жөлөкпул төлөө токтотулбайт. Ай сайынкы социалдык жөлөкпул райондук коэффиецентти эсепке албастан төлөнөт. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.04.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 апреля 2008 года № 70 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2005 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 12.01.2002 · № 4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/26/st-22" title="22-статья - О государственных пособиях в Кыргызской Республике (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>