21-статья. Мамлекеттик пособиелерди төлөп берүү
Күчүн жоготкон · 25.04.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 июля 2004 года №81
Мамлекеттик пособиелерди алуучуларга пособиелер үстүдөгү ай үчүн катталган жери боюнча райондук (шаардык) почта бөлүмдөрү тарабынан төлөнүп берилет. Мамлекеттик пособиелер:
- толук мамлекеттик камсыздоодо турган балдарга, дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин 25 проценти өлчөмүндө;
- кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарында (пансионаттарда) жашаган жалгыз бой граждандарга дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин 25 проценти өлчөмүндө;
- ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга (тоголок жетимдерге) толук мамлекеттик камсыздоодо жүргөн мезгилинде мамлекеттик пособие толук өлчөмдө;
- мамлекеттик камсыздоодо жарым-жартылай турган балдарга мамлекеттик пособие толук өлчөмдө төлөнүп берилет.
Дайындалган жана алуучулар тарабынан өз убагында алынбаган ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиелер өткөн мезгил үчүн, бирок алты айдан ашпаган мөөнөт үчүн жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие - бир жылдан ашпаган мөөнөт үчүн төлөнүп берилет. Социалдык коргоо органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган мамлекеттик пособиелер өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектөөсүз, инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эсепке алуу менен, ошондой эле ар бир узартылган күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө үстөк кошулуп төлөнүп берилет. Алуучуга өткөн убакыт үчүн тийиштүү болгон жана анын өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган мамлекеттик пособие, эгерде аны алуу үчүн кайрылуу алуучу өлгөн учурдан тартып 12 айдан кечиктирилбей берилсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин арызы боюнча анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө төлөнүп берилет. Мамлекеттик пособиелерди төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекеттик пособие алуучулардын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъездерди, үйлөрдүн чатырын оңдоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын, жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун республикалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо жүргүзүү жолу менен жоюу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Бул статьялардын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2004-жылдын 1-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.04.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 июля 2004 года №81 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 января 2002 года N 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/26/st-21" title="21-статья - О государственных пособиях в Кыргызской Республике (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>