30-статья. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмдөрү
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2015 года № 65
Тарыхтын, археологиянын, шаар курулушунун, архитектуранын, монументалдык искусствонун жана башкалардын кыймылсыз эстеликтеринин сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте коргоо чөлкөмдөрү, курулуштарды курууну жөнгө салуу чөлкөмдөрү, жаратылыштын же тарыхый-табигый ландшафтардын корголуучу объекттеринин чөлкөмдөрү белгиленет. Республикалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоорлору эстеликтерди коргоо чөйрөсүндөгү адистешкен илимий-долбоорлоо уюму тарабынан иштелип чыгат жана маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук органы тарабынан бекитилет. Эларалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоорлору маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Корголуучу чөлкөмдөрдүн долбоорлору эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын буйрутмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат. Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана башка иштердин бардык түрлөрүн, ошондой эле эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусусуз чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Эстеликтердин корук аймактарынын жана ар бир тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу эстеликтеринин долбоорлору өзүнчө иштелип чыгат жана бекитилет. Калк конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууда аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген аймактары кошулат. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объектиси коргоо чөлкөмдөрү менен бирге пайдалануучу аны күтүүнүн тартиби сактоого кепилдик берген милдеттенме алган учурда, юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга берилет. Эгерде коргоо чөлкөмү аркылуу өтүүчү жолдор менен жүрүүчү транспорттун кыймылы эстелик үчүн коркунуч келтирсе, анда мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча бул жолдордогу транспорт кыймылы чектелет же ага тыюу салынат. (КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 , 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 марта 2015 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 февраля 2006 года №38 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании историко-культурного наследия"Редакцияларды салыштыруу
20.03.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат.
алынып салынды: Көрсөтүлгөн чөлкөмдөрдүн кошулду: Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде алынып салынды: бардык кошулду: жер иштетүү, курулуш жана алынып салынды: чарбалык кошулду: башка иштердин бардык алынып салынды: түрлөрүн кошулду: түрлөрүн, ошондой эле эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусусуз чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Эстеликтердин корук аймактарынын жана ар бир … 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 , 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 143 кошулду: 143, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Распоряжение Правительства КР от 26 сентября 2003 года № 568-р (В целях обеспечения сохранности памятников архитектуры и градостроительства города Бишкек утвердить прилагаемый…Распоряжение · 26.09.2003 · № 568-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 148 "Тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз объекттеринин - Чүй облусундагы Ысык-Ата жана Чүй райондорунун Красноречка…Постановление · 16.04.2021 · № 148
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 148 токтомуПостановление · 16.04.2021 · № 148
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-30" title="30-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>