29-статья. Юридикалык жана жеке жактарга тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдаланууга берүү тартиби
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Тарыхый-маданий мурас объекттерин юридикалык жана жеке жактарга 5 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда аныкталган тартипте эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылат. Тарых жана маданият эстеликтери болгон архитектуралык курулуштар же алардын бөлүктөрү юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен алдын-ала макулдаштык боюнча мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен берилет. Юридикалык жана жеке жактар тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануучу статусун жазуу түрүндө келишим түзүлгөндөн кийин алат, бул келишимде пайдалануучу башкалардан тышкары, эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган бардык милдеттерди өзүнө алат. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-29" title="29-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>