Бишкек шаардык Кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 „Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябрында № 57
Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарынын кайталанышын, бир көчө багытында кетип, бир нече аталышка ээ болгон жана бир нече бөлүктөргө бөлүнүшүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1. Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарын, бульварларын, көчөлөрүн жана туюк көчөлөрүн кайра атоого, жыйырма жылга мораторий жарыялансын, төмөндө көрсөтүлгөн кайра аталыштарды кошпогондо:
1) каралгандар:
Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтому; Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы №324 “Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө” токтому;
2) “Пригородный 30 га” конушу жана ушул конуштагы көчөлөр, Арча-Бешик конушундагы №6 көчө, административдик аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган көчөлөр;
3) 1-18-тиркемелерге ылайык көчөлөр.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 “Бишкек шаарынын географиялык объектилерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтому ушул токтомдун тиркемелерине ылайык 1-18 тиркемелери менен толукталсын жана бекитилсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун аткарылышы боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек, Аламүдүн, Сокулук филиалдары жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы эсептик-инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б.Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 57 токтомуна 1-18 тиркемелер
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2013 · № 22
- Бишкек шаардык кенеши 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 "Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2012 · № 324
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 149 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана…Постановление · 25.03.2025 · № 149
- Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 57 «Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтомуПостановление · 10.10.2025 · № 57