13-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик резервден чыгаруу негиздери жана тартиби
Күчүн жоготкон · 26.05.2014 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 мая 2014 года № 78.
1. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу:
- аларды жаңыртууга жана алмаштырууга байланыштуу;
- убактылуу алып туруу тартибинде;
- бронун алып салуу тартибинде жүргүзүлөт.
2. Ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн алардын жооптуу сактоочулары тарабынан жаңыртуу кошумча бюджеттик каражаттарды тартпастан, көрсөтүлгөн ишканалар менен уюмдар тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды жаңыртуунун жана алмаштыруунун башкача тартиби белгилениши мүмкүн.
3. Төмөндөтүлбөй турган запасты кошпогондо, алты айдан ашпаган мөөнөткө жана өтүп жаткан жылдын башталышына мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн көлөмүнүн 50 процентке чейинкисин алып туруу тартибинде материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу аткаруучу бийлик органдарынын, министрликтердин, ведомстволордун, жооптуу сактоочулардын сунуштары менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун наряддарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, аталган наряддарда алуучулар, материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу мөөнөттөрү жана шарттары, аларды кайтаруу тартиби жана мөөнөттөрү аныкталат.
4. Алып туруу тартибинде мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүдө алуучу (заемчу) ишкана, мекеме же уюм-материалдык дөөлөттөрдү ага белгиленген мөөнөтүндө кайтаруу боюнча гарантиялык милдеттенмесин берет.
5. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдарын алып туруу үчүн мамлекеттик мобилизациялык резерв жөнүндө Жободо белгиленген тартипте колдонуудагы рыноктук баалар боюнча акы төлөө жүргүзүлөт.
6. Бронун алып салуу тартибинде мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.
Берененин тексти 26.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Распоряжение Правительства КР от 30 декабря 2003 года №814-р (О разбронировании гос.резерва)Распоряжение · 30.12.2003 · № 814
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-мартындагы № 67-б (Жер титирөөнүн кесепетинен жапа чеккен Ош облусунун жана Ош шаарынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.03.2008 · № 67-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б (Жаратылыш катаклизмине туш болгон калкты азык-түлүк менен камсыздоодо түзүлгөн татаал экономикалык кырдаалга байланыштуу Тажикстан…Распоряжение · 20.05.2008 · № 232-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июлундагы № 349-б (Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш поселкасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.07.2008 · № 349-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 322-б (Мамлекеттик материалдык резервден аштык буудайды брондон чыгаруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.06.2009 · № 322-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 175-р (Азык-түлүк буудайын брондон чыгаруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 18.11.2010 · № 175-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-мартындагы № 64-б (Мамлекеттик резерден дизель отунун брондон чыгаруубоюнча) буйругуРаспоряжение · 11.03.2011 · № 64-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/238/st-13" title="13-берене - Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>