Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик резерден дизель отунун брондон чыгаруубоюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 11-марты № 64-б «Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 6-пунктуна ылайык, 2011-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аларды күйүүчү-майлоочу материалдар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик резервден 7538,4 куб.м өлчөмүндөгү дизель отунун брондон чыгарсын;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө андан ары сатуу үчүн жооптуу сактоочунун нефти базасынан куюп алуу же «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коом менен дизель отунун сатуу-сатып алууну алдын ала тариздеп, май куюу станцияларынын тармагы аркылуу атайын даярдалган талондор боюнча куюп алуу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги берген тизмеге ылайык 7538,4 куб.м өлчөмүндөгү дизель отунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген бир литри үчүн 25,0 сом (салыктарды кошкондо) баасында тиркемеде аталган өлчөмдөрдө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берсин;
- дизель отунун сатуудан алынган каражаттарды республикалык бюджетке которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги акча каражаттарын төмөнкүдөй бөлсүн:
- дизель отунун талон боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө бергендиги үчүн «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомдун салыктарынын ордун дизель отунун сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен толтурууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна;
- дизель отунунун мамлекеттик резервинин запастарынын ордун толтурууга жана «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомдун май куюучу станцияларынын тармагы аркылуу дизель отунун берүү менен байланышкан кошумча чыгымдарды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган каражаттардын чегинде.
3. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация башчылары дизель отунунун жогоруда аталган өлчөмүн айыл округдары боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө бөлүп берүүнү камсыз кылышсын жана аны жеткирүүнү 2011-жылдын 15-майынан кеч эмес мөөнөттө аякташсын.
4. Дизель отунун ачык-айкын бөлүштүрүү жана жеткирүү үчүн жеке жоопкерчилик облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчыларына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Тиркеме
2011-жылы жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берүү үчүн дизель отунун
бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин
тизмеси
Облустардын жана райондордун аталышы
Дизель отунунун калдыгынын 01.10.2011-жылга өткөрүлгөн өлчөмү, (куб.м)
Дизель отунун алуучу жер
Себүү аянты, миң га
Бөлүнүүчү дизель отунунун өлчөмү (куб.м)
1
2
3
4
5
Ош облусу
3912,1
Кара-Суу районунун Нариман айылы
186,1
1612,1
Алай району
7,3
63,9
Араван району
19,6
169,7
Кара-Кулжа району
14,9
129,0
Кара-Суу району
49,8
431,1
Ноокат району
37,4
324
Өзгөн району
45,4
395
Чоң-Алай району
11,4
99,4
Жалал-Абад облусу
100,8
1720
Аксы району
11,7
203
Ала-Бука району
12,5
217
Базар-Коргон району
14,1
245
Ноокен району
16,2
281
Сузак району
26,8
463
Токтогул району
11,3
196
Тогуз-Торо району
2,7
47
Чаткал району
2,1
37
Жалал-Абад шаары
0,6
12
Таш-Көмүр шаары
1,09
19
Баткен облусу
33,8
580
Баткен району
9,1
90
Кадамжай району
23,5
225
Лейлек району
24,3
233
Баткен шаары
1,19
11,5
Кызыл-Кыя шаары
2,1
20,5
Ысык-Көл облусу
1163,0
Балыкчы шаары
190,7
1025
Ак-Суу району
48,1
258
Жети-Өгүз району
42,5
228
Ысык-Көл району
26,9
144
Тоң району
19,9
108
Түп району
53,1
287
Нарын облусу
27,4
598
Ак-Талаа району
5,1
113
Ат-Башы району
2,3
50
Жумгал району
5,2
115
Кочкор району
10,2
225
Нарын району
4,5
95
Талас облусу
Кант шаары
90,9
658
Талас району
27,6
180
Бакай-Ата району
22,9
158
Кара-Буура району
27,7
208
Манас району
12,8
112
Чүй облусу
2463,3
402,7
1345,3
Кемин району
27,4
105,3
Чүй району
27,0
103,5
Ысык-Ата району
62,3
239,0
Аламүдүн району
34,4
131,8
Сокулук району
78,0
299,0
Москва району
59,5
228,1
Жайыл району
66,8
256,1
Панфилов району
47,1
180,5
Жыйынтыгы:
7538,4
1057,6
7538,4
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 17.05.2011 · № 235 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 16.07.1999 · № 75 · Күчүн жоготкон