Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жаратылыш катаклизмине туш болгон калкты азык-түлүк менен камсыздоодо түзүлгөн татаал экономикалык кырдаалга байланыштуу Тажикстан Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 20-майы № 232-б "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 13-статьяларына ылайык, жаратылыш катаклизмине туш болгон калкты азык-түлүк менен камсыздоодо түзүлгөн татаал экономикалык кырдаалга байланыштуу Тажикстан Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кытай Эл Республикасынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 200 тонна унду төмөнкүлөргө бөлүп берсин:
- Тажикстан Республикасына - 100 тонна;
- Афганстан Ислам Республикасына - 100 тонна.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ош шаарынан аталган унду Тажикстан Республикасына жана Афганстан Ислам Республикасына жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтерине жапа чеккен калкка көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жөнүндө билдирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы Тажикстан Республикасы жана Афганстан Ислам Республикасы үчүн гуманитардык жардам жүгүнүн бажылык жана чегаралык контролдоонун өткөрүү пункттарынан артыкчылыктуу тартипте өткөрүүнү камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча гуманитардык жардамдын жүгүн коштоону уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча гуманитардык жүктү ташуучу транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берилген эсептөө боюнча дайындалган жерге унду жеткирүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоону жүргүзсүн.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, тышкы байланыштар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 16.07.1999 · № 75 · Күчүн жоготкон