Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңеши “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Кредиттик макулдашууну; 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашууну; 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (фаза II)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 157-б буйругун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын түштүк аймагын суу менен жабдуу жана агынды сууларды бөлүштүрүү системаларынын инженердик инфраструктурасы менен камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө кредит алуу жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 8000000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө алынган кредитти жана пайызды жоюунун булагы болуп республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик уюмдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп аныкталсын;
-долбоорду ишке ашырууда кредиттик каражаттардын кайтарылышы камсыз кылынган шартта суу түтүктөрүнө жана канализация тармактарына Бишкек шаарынын конуштарын кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкексууканал” ӨЭБсы менен бирдикте үлүштүк каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери жана турак-жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы
М. А. Кененбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы№ 133 "Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына техникалык шарттарды алууга тарифтерди жана технологиялык кошуу…Постановление · 14.05.2024 · № 133
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 "Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны…Постановление · 29.09.2022 · № 45
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 "Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына…Постановление · 06.02.2018 · № 54 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 157-б (Макулдашуулардын долбоордарды жактыруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.05.2014 · № 157-р
- 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну…Закон · 04.07.2015 · № 144